Коу ата (Ков-Ата) үңкүрү жана жер астындагы көл

Түркмөнстандын Ахал облусунун Бахарден районунда орун алган Коу-Ата үңкүрү кооздугу менен суктандырат.

09 Temmuz 2021 23:16

Коу-Ата үңкүрү–Түркмөнстандагы байыркы үңкүр. Археологиялык маалыматтарга караганда адамдар үңкүрдү 2000 жылдан бери байырлап келишкен.

Үңкүрдүн узундугу 230 метр, туурасы 57 метр, бийиктиги 20 метр.

Үңкүрдө белгилүү Коу-Ата көлү бар. Ал–жаратылыштын уникалдуу туундусу.  Борбор Азиядагы эң чоң жер астындагы көл.

Көл суусунун температурасы 37 градус. Даарылык касиети бар суунун курамында  йод, магний, натрий, сульфат, хлор, алюминий, бром, темир, сурьма ж.б. пайдалуу минералдар бар.

Ков-Ата үңкүрү Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарынан 90 чакырым алыс жайгашкан.

Anahtar Kelimeler: Коу-Ата үңкүрү, Түркмөнстан,

Жаңылыктар