Кожогелди Култегин - Кыргыз Республикасынын эл акыны

Кожогелди Култегин - кыргыз поэзиясына олуттуу салым кошкон акын

17 Haziran 2022 20:14

Кожогелди Култегин Кара-Кулжа районундагы Алай-Куу өрөөнүнүн Көгарт кыштагында 1960-жылы 18-февралда туулган.

Аакын, драматург, котормочу.

Кыргыз Республикасынын эл акыны (2016). ТҮРКСОЙдун алтын медалынын ээси (2020).

Эмгек жолун 1977-жылы Оштогу пахтадан кездеме токуу комбинатында жумушчу болуп иштөө менен баштаган.

1983-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн, 1993-жылы Москвадагы М.Горький атындагы адабият институтунун 2 жылдык жогорку адабий курсун бүтүргөн.

«Кыргызстан», «Адабият» басмаларында редактор, Кыргызстан жазуучулар союзунда жаштар секциясынын башчысы, Кыргыз Республикасынын Өкмөт аппаратында референт, өкмөттүк «Эркин Тоо» гезитинде башкы редактордун 1-орунбасары болуп эмгектенген.

2014-2022-жылдары Кыргызстандын ТҮРКСОЙдогу өкүлү болуп эмгектенген.

Чыгармачылык дүйнөсү

Кожогелди Култегиндин алгачкы чыгармалары 1976-жылдан баштап «Кыргызстан пионери» гезитине жарыяланат.

1989-жылы СССР Жазуучулар союзунун мүчөлүгүнө кабыл алынган.

Ага 1995-жылы «Дарбаза жолго ачылат» аттуу ыр жыйнагы үчүн Алыкул Осмонов атындагы сыйлык, 2002-жылы «Бал ууртам» китеби үчүн Ош облустук мамлекеттик акимчилиги уюштурган Жолон Мамытов атындагы сыйлык ыйгарылган.

«Түндүктү ким көтөрөт?» аттуу драмасы Ош кыргыз драма театрында коюлган.

2018-жылы акындын ыр китебим түрк тилинде жарык көргөн. Ал «Köklerden Kanatlara Kadar» деп аталат. Кыргызча мааниси – тамырлардан канаттарга чейин. Аталган китеп окурмандардын чоң кызыгуусун жараткан.

Дагы бир китеби 2020-жылы «Бурса Чынары» деген ат менен түрк тилинде жарык көргөн. Ырлар, афоризм жана макалалардан турган бул китепте Кожогелди Култегин Түркияга болгон сезимдерин ар тараптан өзгөчө стил менен жеткирип берген.

Дагы бир китеби түрк дүйнөсүнүн жети тилине (азербайжан, казак, кыргыз, өзбек, түрк, саха (якут), башкыр) которулган ырлар жыйнагы «Дүйнө алаканда» («Avuçtaki Dünya») деген ат менен чыккан.

Кожогелди Култегин орус акындары Сергей Есениндин, Арсений Тарковскийдин, Юрий Кузнецовдун, болгар акыны Любомир Левчевдин, балкар акыны Кайсын Кулиевдин, казак акындары Мухтар Шахановдун, Мукагали Макатаевдин, түрк акындары Каражаоглан, Назым Хикмет, Нежип Фазил ж.б. чыгармаларын кыргыз тилине которгон.

Жаңылыктар