КР Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров «Терек-Сай» кенинин иши менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарынын алкагында облустагы «Терек-Сай» кениндеги алтын чыгаруучу фабриканын курулушу жана инфраструктуралык объектилер менен таанышты.

06 Kasım 2020 13:25

«Эти Бакыр Терек-Сай» кыргыз-түрк ишканасынын өкүлдөрү Президенттин милдетин аткаруучуга чет мамлекеттерден жабдуулардын келиши кечигип жатканына байланыштуу алтын чайкоочу фабриканын курулуш иши токтоп турганын билдиришти.

Садыр Жапаров «Терек-Сай» кениндеги ишти жандандыруу керектигин белгилеп, тармактык мамлекеттик органдарга компаниянын иштешин камсыз кылуу боюнча тапшырмаларды берди.

Андан соң Садыр Жапаров, Ала-Бука районунун Көк-Серек жана Көк-Таш айыл аймактарынын эли менен жолугушту. Жолугушууда, Садыр Жапаров жер казынасын пайдалануу тармагы боюнча берилген суроолорго жооп берип жатып, бул тутумдун мамлекеттин экономикасында олуттуу орду бар экенин белгиледи.

«Бир эле мисал «Эти Бакыр Терексай» ЖЧКсы боюнча маалымат менен бөлүшө кетейин. Компаниянын божомолу боюнча, толук кандуу иштеп баштаганда бюджетке 63 млн доллар берип турат. Бул чоң сумма. Чаткал районуна 3 млн 570 миң доллар берүү милдетин алган. Мындан тышкары, 20 млн доллар «Кыргыз алтын» дивиденд катары алат. Бул мамлекеттик ишкана. Менин пикиримде, мыйзамдуу иштеген компаниялардын ишине тоскоолдук жаратпоо керек», - деди Президенттин милдетин аткаруучу, Премьер-министр.

Маалымат үчүн: Терек-Сай кени Жалал-Абад облусундагы Чаткал районунун Терек-Сай айылында жайгашкан.   «Эти Бакыр Терексай» ЖЧКсы — биргелешкен ишкана.  

4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өтүп, анын жыйынтыгына нааразыл болгондор эртеси күнү Бишкекте митингге чыгышкан. Бир нече күн бою айрым аймактарда жана баш калаада башаламандык орноп, кээ бир ишканаларга кол салуу болгону кабарланган. Айрым ишканалар ишин токтоткон.

Жаңылыктар