КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия (БШК) мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоонун жана референдумдун расмий жыйынтыгын чыгарды.

Шайлоого катышкан 17 талапкердин ичинен жалпы шайлоочулардын 79,20 пайыз (1 105 248 добуш) добушун алган Садыр Жапаров президент болуп шайланды.

22 Ocak 2021 14:01

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия (БШК) мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын чыгарды.

БШКнын маалыматына караганда, шайлоо укугуна 3 млн 563 миң 574 жаран ээ болгон. Жалпы 2 миң 474 шайлоо участогу түзүлгөн. Анын ичинен 2 миң 428 шайлоо тилкеси Кыргызстандын аймагында болсо, дүйнөнүн 28 өлкөсүндө 48 шайлоо участогу ачылган.

Шайлоочулардын тизмелерине киргизилген шайлоочулардын жалпы саны 3 563 574 шайлоочуну түздү. 2021-жылдын 10-январында Кыргыз Республикасынын президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоодо добуш берген шайлоочулардын саны - 1 395 513 адам, бул шайлоочулардын тизмелерине киргизилген шайлоочулардын жалпы санынан 39,16 % түзөт. Шайлоого катышкан 17 талапкердин ичинен жалпы шайлоочулардын 79,20 пайыз (1 105 248 добуш) добушун алган Садыр Жапаров президент болуп шайланды. Кыргыз Республикасынын президентинин кызмат ордуна талапкер Мадумаров Адахан Кимсанбаевич 94 741 добушту алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 6,79 % түзөт.

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия (БШК) Кыргызстандын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумду өттү деп тааныды.

БШКнын маалыматына караганда, шайлоо укугуна 3 млн 563 миң 574 жаран ээ болсо, 1 млн 394 миң 218 адам добуш берген. Ал жалпы шайлоочулардын 39,12%ын түзөт. Анын ичинен президенттик башкарууга 1 млн 136 миң 155 адам (81,49%), парламенттик башкарууга 152 миң 81 адам (10,91%) жана бардык варианттарга каршыга 62 миң 265 адам (4,47%) добушун берген.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо быйыл 4-октябрда өткөн. Анын баштапкы жыйынтыгына нааразы болгон 12 саясий партия 5-октябрда Бишкекте митинг уюштуруп, Жогорку Кеңеш отурган имаратты басып алышкан. Жыйынтыгында парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылып, президент, премьер-министр жана парламенттин төрагасы кызмат орундарын тапшырган.

Сооронбай Жээнбеков 16-октябрда президенттик кызматын тапшырып берген.

Жаңылыктар