КР ТИМ башчысы жана ЕККУ төрайымы кыргыз-тажик чек арасындагы абалды талкуулады

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Баткен облусундагы оор гуманитардык абалды белгилеп, жаңжалдан кийинки мезгилде уроого учураган инфратүзүмдүк жана социалдык объектилерди, тынч жарандардын үйлөрүн кайрадан куруу үчүн ЕККУдан жардам сурады.

01 Mayıs 2021 23:32

 

1-майда видеоконференция форматында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) учурдагы төрайымы, Швециянын тышкы иштер министри Анн Линде менен кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча жолугушуусу өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Кыргыз тарабы 2021-жылдын 28-30-апрелинде болуп өткөн окуялар жана Кыргызстандын чек арага жакын аймактарындагы учурдагы абал жөнүндө маалымдады.

Министр жаңжалдын кесепетинен жер которгондордун саны 27 миң адамдан ашканын маалымдады. Баткен облусундагы оор гуманитардык абалды белгилөө менен бирге, ЕККУдан ички жер которгондорго жардам көрсөтүүнү суранды. Ошондой эле жаңжалдан кийинки мезгилде уроого учураган инфратүзүмдүк жана социалдык объектилерди, тынч жарандардын үйлөрүн кайрадан курууга көмөк берүүнү суранды.

Эки тараптан тең жөнөкөй жарандардын арасында курмандыктар бар экени зор өкүнүч менен белгиледи. Ушуга байланыштуу 2021-жылдын 1-2-майы Кыргызстандын Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында болуп өткөн куралдуу жаңжалдын курмандыгы болгон жарандардын азасын күтүү күндөрү деп жарыяланганын билдирди.

ЕККУнун учурдагы төрайым Линде тараптарды жетишилген макулдашууларды кынтыксыз сактоого чакырды.

ЕККУнун жаңжалды мүмкүн болушунча эрте жөнгө салууну жактаарын жана чек ара боюнча талаштарды чечүүгө жана жаңжалдан кийинки кайрадан калыптандыруу иштерине жардам көрсөтүүгө даярдыгын билдирди.

 

Anahtar Kelimeler: Кыргыз-тажик чек арасы,

Жаңылыктар