Крым Автономиялуу Республикасынын түштүгүндө жайгашкан Алушта шаары дарыялары, шаркыратмалары жана тоолору менен белгилүү

Кереметтүү Алушта шаары жөнүндө Крым татарларынын белгилүү элдик ыры «Эй, сүйкүмдүү Крымда» айтылат. Бул табигый кереметтүү шаар жергиликтүү жана чет элдик туристтерди өзүнө тартып турат.

04 Şubat 2022 19:03

Кара деңиздин жээгинде жайгашкан Алушта шаары өзүнүн кайталангыс кооздугу, жылуу деңизи, гүл талаалары, дары өсүмдүктөрү, таза абасы менен өзгөчөлөнөт.

Алуштанын чыгыш тарабын легендарлуу тоолор курчайт. Алардын эң атактуусу – Аюу тоо (Аюв-Даг). Эң бийиги – Чатыр тоо. Кастел жана Демерчи тоолору  болсо сырдуу чокулары  менен айырмаланат.

Тоо ылдый агып түшкөн Арпат, Сотера, Улуу-Өзөн дарыялары, тик аскадан агып түшкөн күн нуруна чагылышып, аймактын көркүнө көрк кошуп турат.

Чынар, кипарис сымал жапжашыл дарактардын көлөкөсүндө эс алуу өзүнө ыракат.

Алуштанын климаты өзгөчө. Деңиз жээгинде жайгашып, тоолордон жумшак шамал согуп турат.

Жумшак аба ырайы көптөгөн ооруларды айыктыруучу дарылык касиетке ээ.

Жер ортолук деңиздин субтропикалык климатынан улам жайы узун. Кыш мезгили болсо кудум күз мезгилин элестейт.

Кереметтүү Алушта шаары жөнүндө Крым татарларынын белгилүү элдик ыры «Эй, сүйкүмдүү Крымда» айтылат. Шаар учурда туристтердин, эс алуучулардын сүйгөн жайы.

Anahtar Kelimeler: Алушта, Крым,

Жаңылыктар