Крым татар маданиятында ыйык Куран китебинин кабы

Крым татарлары ыйык Куран китебинин кабын кооздоого өзгөчө маани беришкен.

14 Ocak 2022 18:55

Крымдын түпкү калкы болгон Крым татарлары исламдык үрп-адаттарды туу тутуп, аны катуу карманышат. Ал тургай Советтер Союзу учурундагы динге каршы саясат да муну өзгөртө алган эмес.

1944-жылы 18-майда сүргүнгө айдалган Крым татарларынын көбү ыйык китепти койнуна ороп, үйлөрүн таштап кетишүүгө мажбур болгон. Аны көргөн советтик жоокерлер аларга Куранды басып, түкүрүп же өрттөөгө буйрук беришкен. Бирок, крым татарлары андан көрө өлүмдү тандады.

Советтик аскерлердин  үрөй учурган зулумчулдуган аман калгандары сүргүндө жүргөн жеринде да ыйык Куранды  көздүн карегиндей сакташкан. Бул китеп Кудайдын китеби болуу менен бирге, Крым татарларынын мекенине, ата-бабаларына, жакындарына, балдарына болгон кусасын да туюнткан. Айымдар ыйык китеп үчүн атайын кап жасап, аны үйдүн  төрүнө илип коюшкан.

Убакыттын өтүшү менен крым татарлары ата-мекенге болгон сүйүүсүн, сагынычын Куран китебинин кабына чагылдырыла баштаган. Каптагы саймалар, оюу чиймелер ата-мекндин абасын, шамалын, тоолорун, деңизин, жетимсиреп калган бакчаларын туюнткан.

Anahtar Kelimeler: ыйык Куран китеби,

Жаңылыктар