Крым татарларынын үйлөнүү үлпөт салты, Хна

«Хна коюу» салты кылымдарды карытып келе жаткан улуу мурас

22 Ocak 2022 17:45

Крым татар эли «хна коюу» жөрөлгөсүн эзелтен бери сактап келе жатат. Хна жөрөлгөсү бул күйөөгө кете турган кыздын ата-энеси, тууган туушкандары менен коштошуу жөрөлгөсү же болбосо кыздын өз үйүндөгү акыркы күнү.

Адатта «хна коюу» салты 2 күнгө созулат. Шейшембиде келиндин чачы, ал эми шаршембиде манжалары хна менен боёлот.

«Хна коюу» салты ыр бийлердин коштоосунда өтөт. Кыздын курбу-курдаштары жана жаш туугандары чогулуп турмуш жолуна аттанып жаткан кызды боёнтушуп, ыр ырдап, бий бийлешет.

Заманбап тойлордо кыздын колуна хна боегу менен  ар кандай оюуларды тартышат. Келген коноктор да өз каалоолору менен колдоруна хна менен оюу тушүрүшсө болот. 

Anahtar Kelimeler: Крым татар, «хна коюу» жөрөлгөсү,

Жаңылыктар