110

Крымда жүзүмдүн 110го жакын түрү өстүрүлөт

Адистердин айтымында Крымда жүзүмдүн 110го жакын жергиликтүү сорту өстүрүлөт. Алардын 80и Судак аймагына таандык.

29 Ocak 2022 12:56

Крым жүзүм өстүрүү жаатында атагы алыска кеткен. Дал ушул аралда жүзүмдүн 110го жакын сорту өстүрүлөт. Алардын айрымдары эким кара, жеват кара, кефесия, капсел, сары панда, көк панда, сары ашкабак жана шабаш деп аталат.

Жүзүмдүн түрлөрү Крымга Улуу Жибек жолу аркылуу Индия, Иран, Алжир жана Грециядан келген.

Тарыхта таврлар жана скифтер, кийинчерээк грек жана италиялык колонизаторлор жүзүмчүлүк менен активдүү алектенишкени маалым. Жүзүм өстүрүү Герсонес, Боспор падышалыгы, Мангуп княздыгы жана Крым хандыгы доорунда өнүккөн.

Крым хандыгы доорунда жергиликтүү эким кара сортунан сироп өндүрүүгө өзгөчө көңүл бурулган. Аталган сорттун ширеси канга пайдалуу келип, жараатты айыктыруучу касиетке ээ.

Эким кара сорту жарадар болгон жоокерлерди тез айыктыруу үчүн баа жеткис антисептик болгон.

 

Anahtar Kelimeler: жүзүм, Крым,

Жаңылыктар