Кул Кожо Ахмет Ясави жашап өткөн доорго таандык тарыхый кол жазмалар табылды

Жалпы түрк дүйнөсүнүн руханий табериктеринин бири Ахмет Ясавинин жээни жана шакирти Юсуф Ата жазып калтырган документтер табылды.

30 Mart 2021 16:53

Жалпы түрк дүйнөсүнүн руханий табериктеринин бири Ахмет Ясавинин жээни жана шакирти Юсуф Ата жазып калтырган кол жазмалар VIII кылымга таандык. Алар Чагатай тилинде жазылган. Табылгалар арасында кол жазмалардан сырткары манилүү документтер да бар.  Алсак  документтерде Ахмет Ясави доорунда кабыл алынган чечимдер, жер-суу аттары, чек ара боюнча маалыматтар жана адамдардын күнүмдүк турмушу боюнча маалыматтар камтылган.

Кол жазмалар буга чейин Түркстан шаарында Юсуф Атанын үй-бүлөсү тарабынан сакталып келген. Эми алар музейге өткөрүлүп берилет. Документте жазылган маалыматтар бир канча тилге которулат.

«Союз учурунда  кол жазмаларды эч кимге көрсөткөн жокпуз»

Юсуф Атанын неберелеринин бири Сайдалим Юлдашев белгилегендей кол жазмалар муундан муунга өтүп, үй-бүлөөнүн ар бир жараны ага аяр мамиле кылып келген.

«Советтер Союзу учурунда бул документти эч кимге көрсөткөн эмеспиз. Ал учурда мындай документтерди сактоо да, башкаларга көрсөтүү да өтө кооптуу болчу. Эми заман өзгөрдү. Кол жазмаларды жарыкка чыгаруу убактысы келди»,- дейт ал.

Кол жазмалар музейге өткөрүлүп берилет

Кылым карытып, атадан балага өтүп, сакталып келген кол жазмалар  Хазрет Султан атындагы тарых жана маданият музейине тапшырылат.

Музейдин директору Нурболат Ахметжановдун айтымында тарыхый документтерди музейдин адистери иликтеп, ар бирин талдап чыгат. Андан соң кол жазмалар азыркы казак тилине которулуп, китеп болуп чыгат.

Anahtar Kelimeler: Казакстан, Түркстан, Ахмет Ясави, Юсуф Ата, Кол жазма,

Жаңылыктар