Куляш Байсейитова-Казакстандык булбул үндүү ырчы

Байсеитова Куляш - казактын опера өнөрүнө негиз салгандардын бири.

11 Haziran 2022 20:17

Байсеитова Куляш 12-январь 1912-жылы азыркы Алматы шаарында жарык дүйнөгө келген.

Ал казак ырчысы (лирика-колоратуралык сопрано); казактын опера өнөрүнө негиз салгандардын бири. 

Байсеитова 1925-1928-жылдары Алма-Ата педагогикалык техникумунда окуган.

Ырчылык ишин көркөм чыглык ийриминен баштаган.

1934-жылдан музыкалык театрдын, 1937-жылдан Казак (азыркы Абай атындагы) опера жана балет театрынын солисти болгон.

Е. Брусиловскийдин «Кыз Жибек», «Эр Таргын», М. Түлебаевдин «Биржаи менен Сара» (СССР мамлекеттик сыйлыгын, 1949) ж. б. көптөгөн опералардагы башкы партиялардын эң алгачкы аткаруучусу.

Орус жана Батыш Европа классиктеринин операларын казак улуттук театр сахнасына чыгарууда зор эмгек сиңирген.

Байсеитованын репертуарында: Татьяна (Чайковский, «Евгений Онегин»), Чио-чио-сан (Ж. Пуччини, «Чио-чио-сан», СССР мамлекеттик сыйлыгы, 1948) ж. б.

Ал ырчы катары өз алдынча концерттерди берген.

Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Казак ССР Жогорку Советинин (1—2шайл.) депутаты.

 Байсеитованын ысымы Казакстандын Улуттук опера жана балет театрына, Алматы менен Нур-Султан шаарларындагы көчөлөргө ыйгарылган.

Жаңылыктар