Кылымдардан кылымдарды карытып келе жаткан Султан Санжардын күмбөзү

Түркмөнстандын Мерв (Мары) шаарында орун алган Султан Санжардын күмбөзү XII кылымга таандык тарыхый-архитектуралык эстелик.

21 Mayıs 2021 12:57

Мерв шаары – Орто Азиядагы байыркы шаарлардын бири.

Улуу олуя Юсуф Хамадани  жана даңазалуу аалым Ал-Хорезми дал ушул аймакта туулуп өскөн.

Шаарда түрк-ислам тарыхындагы маанилүү эмгектер орун алган. Алардын бири Султан Санжардын күмбөзү.

Күмбөздүн качан салынып бүткөнү белгисиз. Бирок айрым маалыматтарда1153-1157-жылдары салынган деп айтылып жүрөт.

Архитектору Мухаммад бин Атсыз.

Султан Ахмад Санжар

Санжар султан (1086 — 1157) – Селжуктар мамлекетинин даңазалуу башчыларынын бири, аскер башчы жана мамлекет башчы болгон. Ал Улуу Селжук дөөлөтүнүн акыркы султаны болгон.

Атасы өлгөн соң жаш Ахмад Санжарга Хорасан аймагы, анын ичинде Мерв шаары (азыркы Түркмөнстандагы Мары шаары) менен чыгыш аймактар тийген. Бийликте турган учурда Мерв шаарынын ири маданий борборго айланышында маанилүү роль ойногон.

Султан Санжар күмбөзү

Султан Санжар күмбөзү – Селжук архитектурасынын уникалдуу үлгүлөрүнүн бири. Күмбөздүн курулушунда колдонулган ыкма Европада 300 жылдан кийин гана колдонулган.

Санжар султандын күмбөзүн 13-кылымдын башында Борбордук Азияга басып кирген монголдор кыйратып салган. Мүрзөнүн айланасындагы архитектуралык курулуштар талкаланып, анын сырткы куполу кулап түшкөн.

Кийинчерээк бир канча ирээт оңдоп түзөөдөн өткөрүлгөн.

2002-жылы күмбөздү калыбына келтирүү иштери башталып, 2004-жылдын июль айында аяктаган. Күмбөздү калыбына келтирүү ишин Түрк кызматташтык жана өнүктүрүү агенттиги (ТИКА) жүргүзгөн.

Күмбөз ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк маданий мурастар тизмесине киргизилген.

 

Anahtar Kelimeler: Султан Санжардын күмбөзү, Мерв шаары, Түркмөнстан,

Жаңылыктар