Кылымдарды карыткан Бахчисарай шаары

Кооздугу менен өзгөчөлөнгөн Бахчисарай шаары Крым хандыгынын борбору болгон.

28 Nisan 2021 00:40

Бахчисарай шаарын элдер байыртадан эле байырлап келишкен. Ар бир доор өзүнүн мурастарын калтырып, Бахчисарай шаары ачык асман алдындагы чыныгы музейге айланган.

Бахчисарай-Украинага караштуу Крым Автономиялык Республикасынын түштүк бөлүгүндөгү шаар. Крым хандыгынын борбор калаасы.

Шаар Крым тоолор түрмөктөрүнүн аскаларынын ортосунда,  Чүрүксу дарыясынын жээгинде жайгашкан.

Бахчисарай шаарын Крым жарым аралынын жүрөгү деп атаса болот. Шаар жайгашкан аймак XVI кылымга чейин жашыл токойлуу, мөлтүр сууларга жана булактарга бай аймак болгон. Алтын Ордо мамлекетинин башчылары жана Крым хандары бул аймакка жайкысын келип эс алып, аңчылык кылып турушкан.

I Менгли Гирай Хан 1503-жылы суусу мол Чүрүксунун жээгине, азыркы Хан сарай деп аталган сарайды куруп, Бахчисарайдын пайдубалын түптөгөн. Хан сарай бак-шактуу, жашыл өрөөндө жайгашкандыктан шаардын ысымы Бахчисарай деп аталып калган.  Аталган хан сарай азыр дагы шаардагы эң көрүнүктүү имарат болуп эсептелет. Анын архитектору италиялык Алевизо Нови болгондуктан Ренессанс издерин кездештирүүгө болот.

Бахчисарайга Хан сарай салынгандан көп өтпөй башка имараттар да курула баштаган. Шаар Чүрүксу өрөөнүн бойлото улам кеңейип, өнүгүп отурган.

Бахчесарай шаары Крым хандыгынын административдик жана маданий борбору болуп турган учурда көптөгөн мечиттер жана медреселер курулган. Алтын Ордо доорунда салынган Чынжыр медресеси алардын бирөө гана. Шаарда  Менгли Гирай Хандын жана Хажы Гирай Хандын күмбөздөрү орун алган. Шаардагы тарыхый күмбөздө Крымдын улуттук лидери, түрк дүйнөсүнүн улуу устаты Исмаил Гаспралынын сөөгү коюлган.

Тилекке каршы Крымдага түрк-ислам эмгектери Падышачылык бийлик жана Совет доорунда ири кыйроого учураган.

 

Anahtar Kelimeler: Крым, Бахчисарай шаары,

Жаңылыктар