Кылымдарды карыткан Мерв шаары тарыхый эстеликтери жана күмбөздөрү менен таанымал

Улуу Селжук мамлекетинин борбору Мерв шаарындагы тарыхый эстеликтер кылымдар бою сакталып келет

20 Mayıs 2022 14:15

Мерв – Орто Азиядагы байыркы шаарлардын бири. Мургаб дарыясынын жээгинде жайгашкан. Тарыхый бай эмгектери менен түрк-ислам тарыхындагы эң маанилүү маданий борборлордун бири. Шаарда Селжук султандары баш болгон атактуу адамдар жана аалымдар жашап өткөн.

12-кылымда дүйнөдөгү алгачкы чоң шаар болгон деген пикир бар. Мервдин урандылары 19-кылымдын 80-жылдарынан изилдене баштаган. Археологиялык казуу убагында ар кайсы доордо курулган бир нече шаарча табылган. Анын эң байыркы бөлүгү – Эрк-Кала шаарчасы Ахемениддердин дооруна (биздин заманга чейинки 1-миң жылдыктын орто чени) таандык, аны курчап турган Гяур-Кала эллиндердин тушунда (биздин заманга чейинки 1-миң жылдыктын аягы) курула баштап, Сасаниддерге (биздин замандын 3– 7-кылымы) чейин салынган. Эң чоңу Султан-Кала негизинен арабдардын жана селжуктардын тушунда курулган.

Ал эми Тимуриддердин тушунда курулган шаарча Абдуллахан-Кала деп аталган.

Эрк-Кала жазма маалыматтарда алгач «Авестанын» түшүндүрмөсүндө жана Бехистун жазмасында эскерилет. Александр Македонский караткандан кийин бир аз убакыт «Александрия» деп аталып, Селевкиддердин тушунда Маргиана аймагы, кийин Парфия, анан Сасаниддердин мамлекеттеринин башкы шаары, Омейяддар жана Аббасиддер династияларынын учурунда Хорасан провинциясынын борбору, халиф ал-Момун убактылуу жашап турганда 813– 818-жылдары мусулмандардын дүйнөлүк борбору болуп калган.

1037-жылы селжуктардын колуна өтүп, Алп Арслан жана анын тукуму Санжар султандын сөөгү Мервге коюлган. 13-кылымда Хорезм шахына баш ийген, андан кийин моңголдор басып алган (1221).

1510–24 жана 1601–1747-жылдары Персиянын карамагында, 19-кылымда урандыга айланган.

Мервде Санжар султанга жана Мухаммед ибн Зейдге мавзолей (экөө тең 12-кылым) салынган.

Шаар бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген.

Жаңылыктар