Кылымдарды карыткан оюндар

Заманбап дүйнөдө оюн жөнүнжө сөз болгондо, биз көбүнчө компьютерлерде же смартфондордо ойнолгон оюндарды элестетебиз. Бирок чындыгында кылымдарды карыткан оюндар да бар. Алардын айрымдары турасында кененирээк:

08 Nisan 2022 22:09

Технологиянын өнүгүшү жана жайылуусу  менен оюндардын мазмуну өзгөрдү. Оюн жөнүндө сөз болгондо, көптөгөн адамдардын эсине биринчи кезекте электрондук оюндар келет.

Оюн – мотиви натыйжасынан эмес, жүрүшүнөн көрүнгөн иш-аракеттин бир түрү.

Оюндун чыгышы - магиялык–культтук мүдөөлөргө же организмдин тубаса биологиялык муктаждыктарына, эмгек процессине байланыштырылат. Оюн – бул адамдардын жана жаныбарлардын ишмердүүлүктөрүнүн бир түрү.

Оюн – бул тарыхый өнүгүүдө пайда болуучу ишмердүүлүктөрүнүн бир түрү, улуулардын аракеттерин жана өз ара мамилелеринин чагылдырууга, буюм жана социалдык чындыкты таанып билүүгө багытталган, адамдын дене-тарбиясы, акыл жана адеп-ахлак тарбия каражаттарынын бири. Оюн– бул маданияттын жана этнографиянын тарыхы, педагогика, психология ж.б. ар кандай илимдердин изилдеп үйрөнүүсүнүн предмети болуп эсептелет.

Тарыхый оюндардын бири «мангала»

Тарыхтагы эң эски оюндардын бири бул – мангала. Ал түрк элинин интеллектуалдык жана стратегиялык оюну болуп эсептелет. 16-кылымдан тарта түрк миниатюраларында мангала эскерилет. Бирок, кийинчерээк унутулуп бара жаткан. Мангала Оюндары  Ассоциациясынын президенти Серкан Азиз Жейхан жана анын бир тууганы, оюнду кайра жандандырып, учурда, бул оюн, эл арасында кеңири жайыла баштады.

Бул оюндун оюнчулары эки кишиден турат. Мангала оюну 48 таш менен ойнолот. Ар бир оюнчунун тактасында алты чуңкурчасы, ал чуңкурлардын ичинде төрттөн ташы болот.

Ар бир оюнчунун өзүнө таандык бирден казынасы болот. Ар бир оюнчу партияны жеңип чыгуу үчүн көп таш утуп алуу керек.

Тактанын алты чөйчөкчөсүн биз үй дейбиз жана уткан таштарды жыйнай турган чөйчөкчөнү казына дейбиз.

Оюнчу тараптагы кичинекей алты чункур ошол оюнчунун оюн талаасы, ал эми каршы тараптагы алты чукур болсо атаандашына тиешелүү болот.

Оюндун төрт эрежеси бар:

Жүрүштү баштай турган оюнчу өзү каалаган үйүндөгү (коргоол салынган чуңкур) бардык таштарды колуна алып, ошол үйдөн баштап оң тарапты көздөй бирден ташты салып жүрүп олтурат.

Акыркы таш казынага дал келсе дагы бир жолу ойногонго укугу бар.

Ашып калган таштар атаандашынын үйүнө катары менен салынат. Атаандашынын үйүнө түшкөн акыркы таштын саны жуп болсо, жүрүш жеңиш менен аяктап, ошол үйдөгү бардык таштарды өзүнүн казынасына салып алат.

Акыркы таш атаандаш тарабына эмес өзү тараптагы бош үйгө туш келсе анда атаандаш тараптан бир үй утуп алат.

Оюнчулар өз тарабына (казынасына) мүмкүн болушунча көбүрөөк таштарды топтоого аракет кылышат. Ким көбүрөөк таш топтосо ошол оюнчу жеңүүчү деп эсептелет.

Мангала оюну логиканы өнүктүрүүгө жана так эсептөөгө жакшы жардам берет, анткени оюнду ойноп жатып математикалык кошуу, кемитүү, көбөйтүү жана бөлүүгө мажбур болот. Ошондуктан бул оюн жаштарга да абдан пайдалуу.

Тарыхтагы эң байыркы оюн: «Го»

Го – бул тактай үстүндө ойноло турган, шахматка окшош, бирок жүрүү варианттары оголе көп, стратегиялык оюн. Аны 19х19 көлөмдөгү чатырашы бар тактайда ойношот. Го оюну Кытайда мындан бир нече миңдеген жылдар мурун пайда болуп, Жапония жана Кореяга чейин жеткен. Бул өлкөлөрдө бүткүл карьерасын, бүт өмүрүн «го» оюнуна арнаган жарандар бар.

Корея менен Японияда «го» оюнун күнү-түнү көрсөткөн телеканалдар бар. Кореянын Сеул шаарында 4 жылдык «го» факультети бар.

Жаңылыктар