Кыргыз айымдарынын салттуу баш кийимдери

Аялдардын баш кийимдери жаш өзгөчөлүктөрүнө жана социалдык абалына карата ар кандай кооздуктар, оймо-чиймелер менен көркөмдөлгөн. 

29 Nisan 2022 23:16

Кыргыздарда кийим-кечеге кастарлоо менен мамиле кылышат.

Көчмөн кыргыз элинин кийими, анын ичинде баш кийими жашоо-шартка, климатка жараша жасалып, мезгил, доор алмашкан сайын өзгөрүп турган.

Такыя

Кыз бала узчулук өнөргө колуна ийне алар менен аралашып кетпеген, алгач ага жүз аарчы сайдырышкан, мына ошол жүз аарчы сайылып бүткөн соң, анын жашоого даярдыгы башталгандыгын туюшуп, ага такыя кийгизишкен. Такыя аппак кийизден жасалып, таптаза болгон, качан кыз баланын өнөрү жетилип, өз себин өзү даярдай баштаганда, анын даярдыгына жараша такыяга оюмдар түшүрүлгөн. Бул, бир караганда, кыздын уздук чеберчилиги жетилип келе жаткандыгын көрсөтсө, экинчиден, анын өз камылгасы канчалык бүтүп жаткандыгын элге туюндуруп турган.

Үкү топу

Кыздын даярдыгы толук бүткөнгө чейин, эч кандай куда келип макулдашуу сөзү бүтпөсө, анда ага үкүнүн жүнү сайылган топу кийгизишкен. Топудагы үкүнүн тарамдалышына карата анын үй-бүлөдө канчанчы кыз экендигин да түшүндүрүп бере алышкан. Ал эми топуга чөгөрүлүп сайылган таштар анын атасы канчалык оокаттуу экендигин көрсөтсө, топунун бийиктиги атасынын, даражасын айкындап турган. Бардык касиеттин сырткы кийимде чагылып турушу кыргыздарды ашыкча мактануудан алыс, тескерисинче, болушунча жөнөкөй болууга аргасыз кылган.

Шөкүлө

Эгер, кыздын себи даяр болуп, айрым учурда даяр эмес мезгилде деле кайын журту калыңын өткөрүп койсо, андай кыздар башынын бош эмес экендигин билдирип, шөкүлө кийишкен. Эң кызык жери, шөкүлөдө шолпу, чач учтуктар кыздын бара турган жеринин канчалык бай жана мансаптуу экендигин элге билдирип турган. Ошондуктан, кайын журту шөкүлөнү даярдоодо өздөрүнүн болгон жакшы сапаттарын анда «айтып» калууга аракеттенишкен.

Элечек

Элечек-аялдардын баш кийимдеринин бир түрү. Ак кездемеден тегерете кат-кат болуп оролгон бул баш кийимдин баш кеп,сала коймо,ээк алмай, астыңкы жана үстүңкү тартма, тумарча, бадал сыяктуу негизги түрлөрү бар.

Элечектин оролмолоруна жука ак кездеме же даки колдонулган. Ээсинин көзү өткөндөн кийин элечектин кездемесин кепинге колдонушкан. Кээ бир учурда бала ороого же жараат таңууга да керектешкен.

Элечекти айымдар турмушка чыккандан тарта кийип баштаган.

Элечек кышы-жайы дебей аялдардын башынан түшкөн эмес.

Жаңылыктар