Кыргыз элинин бермети – Ысык-Көл

«Кыргызстандын бермети» Ысык-Көл кооз жаратылышы менен суктандырат.

05 Mayıs 2021 01:04

Ысык-Көл – тунук суусу, кумдуу пляждары, жаратылышы жана даамдуу балыктары менен туристтерди өзүнө тартып турат.

Ысык-Көл – Кыргыз элинин бермети. Ал Республиканын түндүк-чыгышында, Түндүк Тянь-Шань тоо кыркаларында: Күңгөй Ала-Тоо менен Тескей Ала-Тоонун ортосунда, деңиз деңгээлинен 1608 метр бийиктикте жайгашкан.

Ысык-Көл – Кыргызстандагы эң чоң көл. Дүйнөдөгү 25 ири көлдүн катарында жана эң терең көлдөрдүн тизмесинде 7-орунда турат. Түштүк Американын Титикака көлүнөн кийин дүйнөдөгү экинчи ири тоо көлү катары белгилүү.

Анын тарыхта түрлүү аттары сакталып калган. Ысык – Көл жылуу көл дегенди билдирет.

Андан суу кайра агып чыкпайт.  

Көлдөгү суунун көлөмү -1738 чарчы км, суу бетинин аянты - 6236 чарчы км. Жээктеринин жалпы узундугу - 688 км. Көлдүн орточо тереңдиги 278 м, эң терең жери 668 м. 

Ысык-Көлгө жаздын келиши эң кызыктуу болот. Көл үстү түркүн сонундарды элестетет.

Ысык-Көл-эс алуучу жайдан башка да туризмдин борбору. Башка өлкөлөрдөн туристтер, альпинисттер жана саякатчылар келип турушат. Алар көлдүн кооздугуна, тунуктугуна, абанын тазалыгына суктанып кайтышат.

Көлдүн климаты мелүүн, абасы таза, нымдуу. Ысык-Көлдүн туш тарабы тоолор менен курчалган. Күнгөй-Тескей Ала-Тоолору, аскасы асман тиреп, өзүнчө бир көрктүү.

Ысык-Көлдү даңазалап акындар ыр жазышкан. Жазуучулар тамшандырган көлөмдүү китептерди, уламыш, жомокторду жаратышкан. Ысык-Көл залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларында өзгөчө орунду ээлейт.

Anahtar Kelimeler: Ысык-Көл, Кыргызстандын бермети,

Жаңылыктар