Кыргыз элинин тоо койнундагы бермети – Ысык-Көл

«Кыргызстандын бермети» Ысык-Көл кооз жаратылышы менен суктандырат.

18 Ağustos 2021 00:34

 

Ысык-Көл – тунук суусу, кумдуу пляждары, жаратылышы жана даамдуу балыктары менен туристтерди өзүнө тартып турат.

Ысык-Көл – Кыргыз элинин бермети. Ал Республиканын түндүк-чыгышында, Түндүк Тянь-Шань тоо кыркаларында: Күңгөй Ала-Тоо менен Тескей Ала-Тоонун ортосунда, деңиз деңгээлинен 1608 метр бийиктикте жайгашкан.

Ысык-Көл – Кыргызстандагы эң чоң көл. Дүйнөдөгү 25 ири көлдүн катарында жана эң терең көлдөрдүн тизмесинде 7-орунда турат.

Анын тарыхта түрлүү аттары сакталып калган. Ысык – Көл жылуу көл дегенди билдирет.

Андан суу кайра агып чыкпайт.  

Көлдөгү суунун көлөмү -1738 чарчы км, суу бетинин аянты - 6236 чарчы км. Жээктеринин жалпы узундугу - 688 км. Көлдүн орточо тереңдиги 278 м, эң терең жери 668 м. Ысык-Көл түндүктөн түштүккө 58 кмге, ал эми батыштан чыгышка 182 кмге созулат. Ага 80ден ашык агын суу келип кошулат.

Ысык-Көлгө жаздын келиши эң кызыктуу болот. Көл үстү түркүн сонундарды элестетет. Ысык-Көлгө түрдүү келгин куштар учуп келишет. Уялар салышат, жумурткалашат, балапан чыгарышат. 

Көлдүн климаты мелүүн, абасы таза, нымдуу. Ысык-Көлдүн туш тарабы тоолор менен курчалган. Күнгөй-Тескей Ала-Тоолору, аскасы асман тиреп, өзүнчө бир көрктүү.

Ысык-Көл-эс алуучу жайдан башка да туризмдин борбору. Башка өлкөлөрдөн туристтер, альпинисттер жана саякатчылар келип турушат.

Алар көлдүн кооздугуна, тунуктугуна, абанын тазалыгына суктанып кайтышат.

Ар түрдүү ооруларды айыктыруучу Жети-Өгүз, Кой-Сары, Ысык-Көл, Ак-Суу сыяктуу курорттор – Ысык-Көлдө.

Чолпон-Ата шаарында жана бир катар райондорунда эс алуу борборлору жайгашкан. Жайкы сезондо Орусия, Өзбекстан жана Казакстандан Ысык-Көлгө түз каттамдар ачылат.

Туристтер көл жээгинде гана эс албастан Ысык-Көлдүн айлана тегерегин көрүүгө кызыктар

Ысык-Көлдө кайык менен саякаттоого да шарт түзүлүп берилген. Сергей Илчишиндин айтымында акыркы жылдары көлгө келген туристтер жээктеги кумдун үстүндө гана эс албастан көлдүн жээк бөлүгүн жана тоолорду көрүп кетүүгө кызыктар. Алар үчүн атайын яхта турлары уюштурулат.

 

Anahtar Kelimeler: Ысык-Көл, Кыргызстандын бермети,

Жаңылыктар