10

Кыргыз-казак Өкмөттөр аралык кеңешинин 10-жыйыны өттү

2021-жылдын жыйынтыгы боюнча өз ара сооданын көлөмү 35%га өсүп, 1 млрд АКШ долларын түздү.

29 Nisan 2022 21:08

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров жана Казакстан Республикасынын Премьер-министри Алихан Смаилов Бишкек шаарында өткөн кыргыз-казак Өкмөттөр аралык кеңешинин 10-жыйынынын ишине катышты.

Кешменин жүрүшүндө соода-экономикалык жана суу-энергетика тармагындагы, айыл чарбасы жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы кызматташууга байланышкан маселелер каралды.

Акылбек Жапаров белгилегендей, эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык мамилелерде оңдуу динамика байкалууда.

«2021-жылдын жыйынтыгы боюнча өз ара сооданын көлөмү 35%га өсүп, 1 млрд АКШ долларын түздү. Жакынкы келечекте эки тараптуу соода жүгүртүүнү 2 млрд АКШ долларына жеткирүүнү көздөп жатабыз», - деди ал.

Министрлер Кабинетинин башчысы кошумчалагандай, алдыда Кыргыз Республикасына Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин расмий сапары күтүлүүдө жана учурда өтүп жаткан Өкмөттөр аралык кеңешинин 10-жыйыны өлкөлөр ортосундагы бардык багыттар боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүгө олуттуу салымын кошуп, күтүлүп жаткан сапарга даярдык катары саналат.

Өз кезегинде Казакстан Республикасынын Премьер-министри белгилегендей, буга чейин эки мамлекеттин башчыларынын ортосунда эки тараптуу товар жүгүртүүнү 1 млрд АКШ долларына жеткирүү боюнча макулдашуу өз максатына жетти.

Жыйын жыйынтыгында тиешелүү Протоколго кол коюлду.

Жаңылыктар