79

Кыргыз өкмөтү Ирактан 79 баланы алып келди

Ирактан Кыргызстандын жарандарынын 79 баласы мекенге кайтарылды.

16 Mart 2021 18:11

Өткөрүлгөн «Мээрим» гуманитардык миссиясынын алкагында Ирактан Кыргызстандын жарандарынын 79 баласы кайтарылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 16-мартта өлкөгө Ирактан атайын борт учуп келди.

Өмүрү жана ден соолугу үчүн өтө кооптуу абалга кабылган жана мамлекет тарабынан коргоо укугуна ээ болгон балдарды куткарууга багытталган бул гуманитардык миссия мындай мүнөздөгү жана масштабдагы алгачкы репатриациялык иш-чара болуп саналгандыгын белгилей кетүү зарыл.

Белгилеп кетчү нерсе, балдарды алып келүү алардын Иракта калган энелеринин, ошондой эле балдарды тарбиялоого өз үй-бүлөлөрүнө алууну ыктыярдык негизде билдирген алардын Кыргызстандагы туугандарынын макулдуктары менен ишке ашырылды.

Мекенине кайтарылган балдарга Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан ар тараптуу жардам берилет. Аларды тез арада реабилитациялоо, реинтеграциялоо жана нормалдуу тынч жашоого кайтаруу боюнча бардык иш-чаралар өткөрүлөт.

“Балдарды алып келүү боюнча Кыргызстандын бийлиги Ирактын өкмөтү, Эл аралык "Кызыл жарым ай" уюму, БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) менен 2018-жылдан бери эле иш жүргүзүп келе жаткан. Бирок, тилекке каршы, бүгүнкү күнгө чейин бул миссия ар кандай себептер менен ишке ашпай жаткан. Эми Кыргызстандын жаңы жетекчилигинин саясий эрки менен аткарылды десек болот”, - деди тышкы иштер министри Руслан Казакбаев.

Anahtar Kelimeler: Кыргыз Республикасынын өкмөтү, Ирак, 79 бала кайтарылды,

Жаңылыктар