Кыргыз поэзиясынын алдыңкы өкүлү, таланттуу акын Алыкул Осмонов

Алыкул Осмонов кыргыз элинин алгачкы жазма акындарынын эң ири өкүлдөрүнүн бири.

14 Ocak 2022 12:22

Таланттуу акын Алыкул Осмонов — 1915-жылы Панфилов районуна караштуу Каптал-Арык айылында туулган.

Жаштайынан томолок жетим калып, Токмок балдар үйүндө тарбияланат.  Дал ушул жерде адабий китептерге өтө кызыгып, өз алдынча ыр жазып баштайт.

Алыкул Осмонов 1935-1950-жылдар аралыгында ондон ашык ыр китептердин ээси болду. "Таңдагы ырлар", "Жылдыздуу жаштык", "Чолпонстан", "Махабат", "Жаңы ырлар", "Менин жерим — ырдын жери" деген жыйнактары жарык көрдү. "Мой дом" аттуу ырлар жыйнагы 1950-жылы Москвадан орус тилинде басылды. Бул китеп жалпы союздук окурмандар тарабынан жылуу кабыл алынып, акындын атагын алыска таратты.

Кыргыз фольклоруна кайрылып, аларды кайрадан иштеп чыгуу боюнча да көп эмгектенген. Балдар адабиятына кошкон салымы чоң. Мындан сырткары, чоң котормочу экендигин дагы көрсөттү. 

Алыкул өз өмүрүн ырсыз элестете алган эмес. Ошондуктан өмүрүнүн акырына чейин поэзияны ыйык туткан. 

Көзү өткөндөн кийин, 1964-1967-жылдары чыгармаларынын үч томдугу жарык көрдү. 1984-1986-жылдары ырлары, котормолору, поэмалары менен драмалары кайрадан үч томго топтоштурулду.

1988-жылы Бишкектеги №68 мектепке, 1990-жылы №9 китепканага акындын ысымы ыйгарылган. Кыргызстанда жалпысынан 20га жакын мектеп, тоо чокусу (4060м) жана бир кемеге Алыкулдун ысымы ыйгарылган. А.Осмоновдун алтымыштан ашык ырларына обон чыгарылып, М.Убукеев, Л.Турусбекова, С.Ишенов сыяктуу кинорежиссерлор акын тууралуу тасма тартышкан. 1986-жылы Кыргызстан улуттук жазуучулар союзу Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыкты жана жаштар арасында жыл сайын өтүүчү "Алыкулдун Акбозат" поэзия майрамын уюштурган.

Залкар акын 1950-жылы 12-декабрда дүйнө салган.

Эл аралык Түрк маданияты уюму ТҮРКСОЙ Алыкул Османовдун адабий мурасынын түрк дүйнөсүндө маанилүү орду бар экенин эске алып, акындын “Мен, аыргыздын акыны” аттуу китебин түрк тилинде басып чыгарган.

 

Anahtar Kelimeler: Алыкул Осмонов,

Жаңылыктар