Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунда өткөн иш-чарага катышты

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев  Түрк тилдүү мамлекеттердин көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына жана «Манас» эпосуна арналган сүрөт көргөзмөнүн ачылышын жасады.

13 Nisan 2021 01:31

 

Анкара шаарындагы ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунда Түрк тилдүү мамлекеттердин көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөнүн ачылыш аземи болуп өттү. Аземге Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун баш катчысынын орун басары Билал Чакыжы,  Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев, ТРТ АВАЗ каналынын координатору Седат Сагыркая жана ардактуу коноктор катышышты.

ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун баш катчысынын орун басары Билал Чакыжы Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөгө  түрк дүйнөсүнүн алдыңкы сүрөтчүлөрүнүн каламынан жаралган эмгектер коюлганын баса белгиледи. Мындай саамалык бүгүнкү күнгө чейин Измир, Ыспарта, Денизли, Анкара, Билежик жана Хатай шаарларында өткөнүн кошумчалады.

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев ТҮРКСОЙ эл аралык уюмун түрк дүйнөсүнүн «жүрөгү» деп атап, сүрөт көргөзмөнүн ачылыш аземине катышуу чоң кубаныч экендигин белгиледи.

«Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов «ТҮРКСОЙ - бул түрк дүйнөсүнүн ЮНЕСКОсу» деп айткан эле. ТҮРКСОЙ уюму түрк дүйнөсүндөгү улуу инсандарды эскерип, аларды жаңы муундарга таанытып келет. Бул өтө манилүү»,-деди ал.

Өз кезегинде 2019-жылы Ош шаары Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деп жарыяланганын эске салып, ал жылы бир катар маданий, коомдук иш-чаралар өткөрүлгөнүн белгиледи.

Иманалиев ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри катары алгачкы иш-сапарларын түрк тилдүү мамлекеттерге жасаганын айтты.

«Алгач Казакстандын Маданият министри менен жолугуштум. Көп өтпөй Ташкент шаарында Өзбекстандын Маданият министри менен жолугушуу болду. Ал эми кечээ күнү Азербайжандын Маданият министри менен жолугушуп, өз ара кызматташуу боюнча келишимге кол койдук. Ал эми эртең Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой жана Президенттин башкы кеңешчиси Ялчын Топчу менен жолугушам»-, деди ал.  

Иманалиев Түркия менен Кыргызстан ортосундагы мамиле жакшы нукта өнүгүп жатканын баса белгилөө менен бирге жакынкы аралыкта Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун мамлекеттик сапар менен Түркияга келээрин билдирди.

Anahtar Kelimeler: Кыргызстан, ТҮРКСОЙ, Кайрат Иманалиев,

Жаңылыктар