Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тарых музейи

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тарых музейи - Борбордук Азиядагы эң ири музейлердин бири. Музейде кыргыз элинин улуттук сыймыгы болгон баа жеткис тарыхый жана маданий ыйык эстеликтер аздектелип сакталып турат.

25 Mart 2022 19:39

Кыргыз Мамлекеттик Тарых музейи  – Кыргызстандын тарыхына байланыштуу материалдар топтолгон заманбап музей. Ал Кыргызстандын борбор шаары Бишкектеги Ала-Тоо аянтында жайгашкан.

Кыргыз Мамлекеттик Тарых музейи 1926-жылы Кыргызстандын Борбордук музейи катары М. В. Фрунзенин ата-энесинин мурдагы үйүндө Бишкек шаарында (мурдагы аты Фрунзе) негизделген.

Уюштуруучусу жана алгачкы директору - этнограф Саул Менделевич Абрамзон болгон.

 

Музейдин ысымы өзүнүн өсүп-өнүгүү тарыхында бир нече ирет өзгөргөн

1925-1933-жылдарда - Кыргызстандын Борбордук музейи;
1933-1943-жылдарда - Мамлекеттик край таануу музейи;
1943-1954-жылдарда - Улуттук маданият музейи;
1954-жылдан баштап - Мамлекеттик тарых музейи.
Музей 1920-1930-жылдары илимий негизде этнографиялык жана табият таануу коллекцияларын жыйнап-топтоо маселесине өзгөчө көңүл бурган.

Музейдеги балуулуктар

Азыркы учурда музейдин фондунда музейлик мааниси бар 100 миңге жакын буюм бар, алардын ичинен 48 миңи негизги фонддун эстеликтери болуп эсептелинет.

Археологиялык жана этнографиялык коллекциялар музейдин сыймыгы болуп эсептелинет, алардын басымдуу көпчүлүгү өздөрүнүн уникалдуулугу менен айырмаланып, илимий баалуулугу менен дүйнөлүк мааниге ээ.

Ошондой эле кыргыз элине салт болуп калган сайма, түктүү жана түксүз токулмалар, улуттук кийим-кечелер, улуттук өзгөчөлүгү бар аялдардын жасалгалары жана чеберчилик менен көркөмдөлгөн ат жабдыктары - музейдин сыймыгы.

Совет доорундагы жана азыркы учурдун тарыхы боюнча өзгөчө кызыгуу туудурган материалдар: документтердин, фото-сүрөттөрдүн, буюм булактардын коллекциялары, өнөр жай ишканаларынын продукцияларынын үлгүлөрү, живопись, графика жана архитектура боюнча топтолгон эмгектер, Кыргыз Республикасына чет өлкөлөрдүн берген белектери да бар.

Музейде республиканын атактуу инсандары жөнүндөгү материалдар, алардын өздүк буюмдары, документтери, сыйлыктары, ошондой эле курал-жарак, нумизматика жана бонистика коллекциялары сакталып турат.

Музейди оңдоо иштерине ТИКА колдоо көрсөткөн

2016-жылдын 25-майында оңдоп-түзөө иштерине жабылган. Оңдоо иштерине мамлекеттик бюджеттен каражат бөлүнгөн. Мындан тышкары, Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) тарабынан имараттын сыртын жасалгалоо каржыланган.

Музейди жаңылоо иштери эки этап менен жүргүзүлгөн. Алгач музейдин сырты оңдолуп, жашылдандырылган. Андан соң ичи оңдолгон.

Жаңыланган музейге байыркы таш доорунан баштап Кыргызстандын эгемендик алганга чейинки тарыхын чагылдырган эстеликтердин түп нускалары коюлган. Ошондой эле жаңы жабдыктар келип, мультимедиа менен коштолот.

 

 

 

Anahtar Kelimeler: Мамлекеттик тарых музейи, Кыргызтан,

Жаңылыктар