Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Афганистандын элине гуманитардык жардам көрсөтүүнү улантууга чакырды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров: "Афганстандын элине гуманитардык жардам көрсөтүүнү улантуу зарыл деп эсептейм"

25 Ocak 2022 19:43

Бүгүн, 25-январда, дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата Борбордук Азиянын жана Кытай Эл Республикасынын мамлекет башчыларынын жамааттык жолугушуусу онлайн режиминде өттү.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, "Борбор Азия мамлекеттери – Кытай” онлайн саммити Кытай тараптын демилгеси менен өттү.

Иш-чарага Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, ошондой эле КЭР төрагасы Си Цзиньпин катышты.

Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө саммитке катышкан өлкөлөрдүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүккө негизделген мамилелердин жогорку деңгээлин баса белгиледи.

Ошондой эле мамлекет башчысы Кыргызстан бүткүл дүйнөлүк коомчулук сыяктуу эле аймактык жана глобалдык коопсуздук системасынын негизги көйгөйүнө айланган Афганстандагы оор аскердик-саясий кырдаалга байланыштуу тынчсыздануусун билдирерин белгиледи.

«Бүгүнкү күндө бүткүл дүйнөлүк коомчулуктун, анын ичинде Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана Кытайдын кызыкчылыктары үчүн учурдагы күн тартибинин бир катар актуалдуу маселелери боюнча Афганстандын жаңы бийликтери менен келечектеги диалогго жана өз ара аракеттенүүгө негиз түзүү маанилүү», — деп белгиледи президент Садыр Жапаров.

Өз кезегинде  «Биз жалпы күч-аракетибизди көптөн бери азап чегип жаткан афган жеринде мүмкүн болушунча тез арада бекем жана узак мөөнөттүү тынчтыкты орнотууга багыттайбыз деп ишенем. Афганстандын элине гуманитардык жардам көрсөтүүнү улантуу зарыл деп эсептейм», — деп билдирди.

Онлайн-саммиттин жыйынтыгында Борбордук Азиянын жана Кытайдын мамлекет башчылары дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата биргелешкен билдирүү кабыл алышты.

 

Anahtar Kelimeler: Садыр Жапаров, Афганистан,

Жаңылыктар