Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров, эл аралык уюмдардын башчылары менен жолугушту

Түрк тилдүү мамлекеттер ортосундагы Эл аралык уюмдардын башчылары Садыр Жапаровду президенттик кызматка расмий киришүүсү менен куттукташты.

30 Ocak 2021 22:25

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров, эл аралык уюмдардын башчылары менен жолугушту.

Жолугушууга Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши, Эл аралык Түрк академиясы, ТүркПА, ТҮРКСОЙ, Европа Бирлиги, АӨИЧК, ЖККУнун КМШ Аткаруу комитети, Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясы жана Евразия өнүктүрүү банкынын жетекчилери жана өкүлдөрү катышты.

Эл аралык уюмдардын башчылары Садыр Жапаровду президенттик кызматка расмий киришүүсү менен куттукташты.

Садыр Жапаров Кыргызстан буга чейин жетишилген эки жана көп тараптуу келишимдерге ылайык, бардык эл аралык милдеттенмелерди ак ниеттүүлүк менен аткарып келгендигин жана мындан ары да аткара берерин баса белгиледи.

«Чет өлкөлүк өнөктөштөр, эл аралык уюмдар жана финансы институттары менен өз ара пайдалуу кызматташууну өнүктүрүүгө өтө чоң маани беребиз. Кыргызстан прагматикалык, тең салмактуу, көп векторлуу, ырааттуу жана ачык тышкы саясатты жүргүзөт. Бардык өнөктөштөр менен өз ара түшүнүшүү жана кызыкчылыктарды урматтоо принциптерине негизденебиз. Мамлекеттин өнүгүүсүнө, элдин бакубаттуулугун көтөрүүгө жана жарандардын кызыкчылыктарын коргоого болгон күч-аракетибизди жумшайбыз», — деп билдирди президент.

Жаңылыктар