Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров элди каражатты үнөмдөөгө чакырды

Президент Садыр Жапаров Бишкекте өткөн социалдык тармактын кызматкерлеринин республикалык жыйынында кыргызстандыктарды каражатты ысырап кылбоого чакырды.

04 Nisan 2022 15:59

Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин республикалык жыйыны өттү. Мамлекет башчысы мекендештерге, жалпы эле кыргызстандыктарга ачык айтып, кайрылды: "Ооба, азыр абал оор. Бардык жерде кымбатчылык. Баалар өстү. Жумуш жок. Эң зарыл деген нерселерге акча табуу кыйындап баратат. Дүйнөдөгү акыркы окуялардан улам, кырдаал мындан да начарлап кетиши мүмкүн. Биз буга даяр болушубуз керек",- деди. 

Өлкө президенти кымбатчылык менен жумушсуздукка өзгөчө көңүл бурду. Бардык Кыргызстандыктарды чыгымдарды кайра карап чыгып, кымбат буюмдарды сатып алууну кийинкиге жылдырууга, той-топурду азайтып, каражатты ысырап кылбоого чакырды.

Ал, бүгүнкү күндө мамлекеттик деңгээлдеги да, ар бир үй-бүлөнүн деңгээлинде дагы эң негизги маселе — бул азык-түлүк коопсуздугу экендигин баса белгиледи. 

"Айдоо жерлерибиздин бир метр жерин да кысыр калтырбайлы! Жаздын ар бир күнүн жер менен иштөөгө жумшооңуздарды өтүнөм. Жаздын бир күнү — жылга тете!", - деди президент өз кайрылуусунда.

Мамлекет башчысы бийликке келген биринчи күндөн тартып, бардык күчүн мамлекеттик бюджетти көбөйтүүгө жумшап жатканын баса белгиледи. Өз кезегинде мугалимдердин, социалдык чөйрөнүн жана маданият кызматкерлеринин айлык маянасы 100 пайызга көтөрүлгөнүн билдирди. 

Anahtar Kelimeler: Садыр Жапаров, Кыргызстан,

Жаңылыктар