Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров, өлкө премьер-министри Улукбек Марипов менен жолугушту

Мамлекет башчысы ишкерлердин эркин иштөөсүн камсыздоо, жеке сектор менен инвесторлорду колдоо жана коргоо маселесин жеке көзөмөлгө алуу керектигин белгиледи.

08 Şubat 2021 22:15

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров, өлкө премьер-министри Улукбек Марипов менен жолугушту.

Экономиканы калыбына келтирүү үчүн кризиске каршы кечиктирилгис чараларды, коронавирус пандемиясынын жайылышына каршы күрөшүү чараларын кабыл алуу маселелери, өлкөнү кыска мөөнөттө өнүктүрүүнүн маанилүү багыттары менен экономикадагы негизги түзүмдүк реформалар талкууланды.

Садыр Жапаров учурда ата мекендик экономика өтө кыйын абалда экенин баса белгилеп, буга байланыштуу экономиканы колдоо максатында Өкмөттүн комплекстүү антикризистик планын тез арада кабыл алуу зарылдыгына токтолду.

Мамлекет башчысы ишкерлердин эркин иштөөсүн камсыздоо, жеке сектор менен инвесторлорду колдоо жана коргоо маселесин жеке көзөмөлгө алуу керектигин белгиледи. Алардын мамлекеттик бийлик органдарына болгон ишенимин жогорулатууга, өлкөдө жагымдуу инвестициялык климатты түзүүгө көңүл бурду.

Ал бизнес менен өз ара аракеттешүүдө бюрократиялык жол-жоболорду мүмкүн болушунча азайтып, Өкмөт учурда коюлган милдеттер боюнча ыкчам жана тез чечимдерди кабыл алышы зарылдыгын, бул мамлекеттик органдарды оптималдаштыруунун максаты экенин кошумчалады.

Жаңылыктар