Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган Анкара шаарында өткөн Чыңгыз Айтматов атындагы IV эл аралык Ысык-Көл форумунун жабылыш аземине катышты

Жапаров: Чыңгыз Айтматовдун өмүр жолу, адабий мурасы, айткан акыл сөзү, даанышман ойлору терең изилдөөнү талап кылган эбегейсиз руханий байлык.

10 Haziran 2021 19:12

Kыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган Анкара шаарында өткөн Чыңгыз Айтматов атындагы IV эл аралык Ысык-Көл форумунун жабылыш аземине катышты.

Мамлекет башчылары иш-чарага келгенден кийин Кыргызстан менен Түркиянын гимндери жаңырды. Андан соң форумдун катышуучуларына Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы жана анын дүйнөлүк маданият менен адабиятты өнүктүрүүдөгү чоң ролу жөнүндө видеоролик көрсөтүлдү.

Алгачкы сөз Президент Садыр Жапаровго берилип, ал түрк элине жана Режеп Тайып Эрдоганга залкар жазуучунун планетардык масштабдагы мурасын даңктоо уланып жаткандыгын тастыктаган Чыңгыз Айтматов атындагы Ысык-Көл форумун уюштургандыгы үчүн терең ыраазычылыгын билдирди.

«Чыңгыз Айтматовдун адабий аренада жарк этип жаралуусу беш континенттин миллиондогон окурмандарын таң калтырды. Кыргыз элинен бүткүл түрк тилдүү дүйнөнүн кадыр-баркын көтөргөн таланттуу жазуучунун чыкканы күтүүсүз болду. Ал XX кылымда Орто Азия республикаларынын тарыхында болуп көрбөгөндөй секирик жасады», — деп айтты Мамлекет башчысы.

Ал 1986-жылы биринчи жолу Чыңгыз Айтматов адамзаттын келечектеги глобалдык көйгөйлөрүн талкуулоо жана алар боюнча пикир алмашуу максатында дүйнөлүк интеллектуалдардын расмий эмес жолугушуусун Ысык-Көл жээгине уюштурган форумдун тарыхына кыскача токтолду.

Президент Чыңгыз Айтматовдун өмүр жолу, адабий мурасы, айткан акыл сөзү, даанышман ойлору терең изилдөөнү талап кылган эбегейсиз руханий байлык экенин баса белгиледи.

Anahtar Kelimeler: Жапаров, Чыңгыз Айтматов атындагы IV эл аралык Ысык-Көл форуму,

Жаңылыктар