Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Россияга барды

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров 24-февралда, Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен жолугушту.

24 Şubat 2021 23:48

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров, эки күндүк расмий иш-сапары менен Россияга барды. Бул,  28-январда президенттик кызматка расмий киришкен С. Жапаровдун биринчи чет элдик сапары болду.

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров, 24-февралда, Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен жолугушту.

Мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттарын, эки тарап тең кызыкдар болгон бардык маселелер боюнча биргелешип иш алып баруунун келечегин талкуулашты. Ошондой эле мамлекеттер аралык диалогдун жогорку деңгээлин ырасташып, саясий, аскердик-техникалык, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдө ар тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү үчүн өз ара колдоого даяр экендигин баса белгилешти.

Садыр Жапаров анын мамлекет башчысы катары чет өлкөгө болгон биринчи иш сапары Кыргызстан менен Россиянын эки тараптуу мамилелеринин жогорку деңгээлин далилдей тургандыгын баса белгиледи.

“Биз стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелерди бекемдөөнү улантуу ниетиндебиз”, - деп айтты Жапаров.

Президент Садыр Жапаров өлкөдө саясий жактан кыйын болуп жаткан мезгилде Владимир Путиндин жеке колдоосуна ыраазычылык билдирип, Кыргызстан Россия менен мурда жетишилген келишимдердин баарын сактоону улантарына ишендирди.

“Биз Евразия Экономикалык Биримдиги (ЕАЭБ), Көзкарандысыз Мамлекеттердин шериктештиги (КМШ), Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюму (ЖККУ) жана Шанхай Кызматташтык Уюму (ШКУ) алкагындагы евразиялык интеграцияны мындан ары да тереңдетүүнү көздөйбүз. Бул өлкөнүн тышкы саясий курсунун артыкчылыгы”,- деди ал.

Мындан сырткары, эл аралык коомчулук тарабынан тастыкталган россиялык вакцинанын натыйжалуулугун жана коопсуздугун баса белгилеп, Кыргызстанда вакцинациялоо өнөктүгү жакын арада башталаарына үмүт артарын билдирди.

Владимир Путин Садыр Жапаровду Кыргызстандын президенти кызматына киришүүсү менен дагы бир жолу куттуктады.

"Биздин өлкөлөрдүн ортосунда жылуу жана тыгыз мамилелер гана эмес, союздаштык жана артыкчылыктуу багыттагы алакалар да түзүлдү. Россия Кыргызстандын соода-экономикалык байланышында биринчи орунду ээлегенине абдан кубанычтамын. Өлкөдөгү ички саясий кырдаалды жөнгө саласыз деп абдан үмүттөнөбүз", - деп белгиледи.

Владимир Путин Садыр Жапаровдун иш сапарынын күн тартибинде көп маселелер каралганын, бардык деңгээлде көптөгөн иш-чаралар жана жолугушуулар пландаштырылганын, бул эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө пайда алып келерин кошумчалады. Ал ошондой эле пандемия менен күрөшүүдө Россия жардам бергенин белгилеп, Кыргызстандын инфекциянын жайылышына бөгөт коюу үчүн жасаган аракетине канааттанганын билдирди.

"Биз сиздер менен бардык багыттарда иштөөгө кубанычтабыз. Сиздин өлкө ичиндеги мерчемдеген иш-чараларыңыз, анын ичинде Башмыйзамга түзөтүү киргизүү республикадагы туруктуулукка, мамлекеттин ырааттуу өнүгүшүнө жана мамлекеттер аралык байланыштарыбыздын чыңдалышына өбөлгө болот деп ишенебиз", - деп айтты Россия Президенти.

Ошондой эле Владимир Путин Кыргызстанда орус тилинин расмий тил катары сакталышынын өтө маанилүү экендигин белгиледи.

Жаңылыктар