Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетти

Сооронбай Жээнбеков отставкага кетүү чечимин кабыл алганын жарыялады.

15 Ekim 2020 13:40

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү коомдук-саясий абалга байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Бул тууралуу президенттин аппарытынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

“Борборубуз Бишкектеги коомдук-саясий абал курч бойдон турганын көрүп турасыздар. Аны басаңдатуу максаты менен кечээ Жогорку Кеңеш Өкмөттүн курамын бекитип, тиешелүү дайындоолор боюнча мен Жарлык чыгарып, кол коюп бердим. Тилекке каршы, агрессия дагы эле токтобой, менин токтоосуз отставкамды талап кылышууда. Азыркы кырдаал эки тараптуу кагылышуунун болуусуна жакындап калды. Бир жагында митингге чыккандар, бир жагында күч органдары турат. Эки тарап кагылышса, кан төгүлүп кетет. Мамлекеттик резиденцияны коргоо үчүн аскер кызматкерлери, күч органдары курал колдонууга милдеттүү. Мен үчүн ар бир жараныбыздын ден соолугу, ар бир мекендешимдин өмүрү — баарынан кымбат. Мен Кыргызстандын тарыхында кан төгүп кеткен, өз жарандарына каршы ок аткан Президент катары калгым келбейт. Ошондуктан мен отставкага кетүү чечимин кабыл алдым”-, деп жазылган кайрылууда.

Сооронбай Жээнбеков  Өлкөнүн тынчтыгы бардык кызмат ордунан бийик экенин айтып, эки тарапты тең чагымга барбоого, премьер-министр Садыр Жапаровду жана башка саясатчыларды өз тарапкерлерин тынч жол менен таратууга чакырган.

«Жараткан Кудайым Өзү колдоп, элибизде аманчылык, жергебизде тынчтык болсун!»-,  деген тилегин билдирген.

Кечээ күнү Садыр Жапаровдун жана башка саясатчылардын тарапташтарынын митинги өтүп, ага катышкандар президент Жээнбековду кызматтан кетүүгө чакырышкан.

Жаңылыктар