Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековду кабыл алды

Жолугушууда Кыргызстандагы саясий кырдаал жана аны жөнгө салууда эл аралык уюмдардын жана өнөктөш өлкөлөрдүн позициясы талкууланды.

13 Ekim 2020 21:35

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековду кабыл алды. Бул туралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Чыңгыз Айдарбеков өлкөдөгү акыркы окуялар боюнча эл аралык уюмдардын жана өнөктөш өлкөлөрдүн позициясы жөнүндө маалымат берип, тышкы дүйнө жаңылыктарга дыкат көңүл буруп, аны менен ар дайым байланышта болушканын, кырдаалдын өнүгүшүнө терең тынчсызданууларын билдирип турушканын айтты.

Чыңгыз Айдарбеков ошондой эле Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү бардык өкүлчүлүктөрү учурдагы ички саясий кырдаал жөнүндө кабыл алуучу өлкөнүн расмий бийликтерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгына, ошондой эле учурдагы кырдаалды укуктук талаада жөнгө салуу максатында көрүлүп жаткан чараларга көңүл буруп жаткандыгын маалымдады.

Эл аралык уюмдардын жана чет мамлекеттердин өкүлдөрү Кыргызстандын бийлигинин өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды турукташтыруу үчүн жасаган аракеттерин колдошорун, ошондой эле зарыл болгон жардамдарды көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Президент Сооронбай Жээнбеков чет элдик өнөктөштөрдүн колдоосун ыраазычылык менен баса белгиледи.

Мамлекет башчысы бүгүнкү күндө түзүлгөн татаал саясий кырдаалда бүткүл эл аралык коомчулукту ишенимдүү маалымат менен камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурулушу керектигин айтты.

Мындан сырткары, учурда түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу үчүн бардык аракеттер укуктук талаада көрүлүп жаткандыгы белгиленди. Тараптар, ошондой эле, Кыргыз Республикасында кайрадан өтө турган парламенттик шайлоого техникалык жактан колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады.

Ал арада  Евробиримдиктин Эл аралык иштер боюнча жогорку комиссары Жозель Боррел  Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жолдоп, өлкөдөгү жалгыз конституциялык бийлик жана мыйзамдуу институт катары Сооронбай Жээнбековду таанырын билдирди. "Евробиримдик парламенттик демократиянын тагдырына кайдыгер карабаган Кыргызстандын чыныгы досу жана ишенимдүү өнөктөшү бойдон калууда", - деп айтылат билдирүүдө.

Эске сала кетсек 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин анын баштапкы жыйынтыгына нааразы болгон 12 партиянын тарапкерлери акцияга чыккан.

Ал массалык тополоң менен коштолуп, митингчилер президенттик администрация менен парламенттин имаратын ээлеп алышкан.

Садыр Жапаров абактан бошотулган. 10-октябрда «Ала-Арча» резиденциясында Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өтүп, анда Садыр Жапаров баштаган өкмөттүн курамы бекитилген. 

Садыр Жапаров башында турган өкмөттүн курамын президент Сооронбай Жээнбеков бекиткенден кийин гана расмий кызматка кирише алат. 

Өлкөнүн борбору Бишкек шаарынын аймагына19-октябрга чейин өзгөчө абал режими киргизилген.

Жаңылыктар