Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Кыргызстандагы окуялар боюнча маалымат берди

«Учурдагы окуялар Түркия менен Кыргызстан ортосундагы мамилеге терс таасирин тийгизбейт»

10 Ekim 2020 22:28

Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Борбордук шайлоо комиссиясы 6-ноябрга чейин парламентке жаңы шайлоо күнүн дайындоо жөнүндө чечим кабыл алаарын билдирди. Эскерте кетсек, 4-октябрда өткөн Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоонун жыйынтыгын Борбордук шайлоо комиссиясы жокко чыгарган. Өмүралиев баса белгилгендей Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамы боюнча, эгер шайлоолор жараксыз деп же болбой калды деп табылса, кайра шайлоолор бир айдын ичинде Борбордук шайлоо комиссиясы аркылуу дайындалат жана тиешелүү шайлоо комиссиялары менен өткөрүлөт.

Кубанычбек Өмүралиев Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында кырдаал туруктуу экендигин жана демонстрациялар тынч өтүп жатканын баса белгиледи.

«Учурдагы окуялар Түркия менен Кыргызстан ортосундагы мамилеге терс таасирин тийгизбейт»

Өмүралиев баса белгилгендей учурдагы окуялар Кыргызстан менен башка өлкөлөр ортосундагы, анын ичинде Түркия менен Кыргызстан ортосундагы мамилеге терс таасирин тийгизбейт. Ички саясий кырдаал өзгөргөнү менен Кыргызстандын тышкы саясаты өзгөрбөгөн бойдон калат.

«Анын үстүнө биз эки бир тууган элбиз. Түбүбүз бир. Эки миң жылдык тарыхы бар эки бир тууган элбиз. Тилибиз, динибиз, улутубуз, тарыхыбыз, маданиятыбыз бирдей. Кыргызстан менен Түркиянын стратегиялык өнөктөштүгү эки өлкөнүн тең кызыкчылыктарына жооп берет»-, деди Өмүралиев.

Өмүралиев Кыргызстандагы  коронавирус  боюнча кырдаалга да токтолду. Өлкө аймагында, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны 48 миң 617 адамга жеткенин,  андан бери 44 миң 097 адам коронавирустан айыгып чыкканын, 1077 адам оорудун көз жумганын маалымдады.

Коронавирус менен күрөшүүдө Кыргызстан Түркия менен тыгыз кызматташтыкта иш алып барып жатканын кошумчалады.

Кыргызстанда 4-октябрда   парламенттик шайлоо өткөн. Оппозициялык партиялар шайлоонун баштапкы жыйынтыгын тааныбай нааразылык акциялары  чыккан. Ал массалык тополоң менен коштолуп, абал курчуп кеткен. Митингчилер 5-октябрда президенттик администрация менен парламенттин имаратын, УКМКны ээлеп алышкан. 6-октябрда Кыргызстандын мурунку президенти Алмазбек Атамбаев абактан бошотулган.

9-октябрда Бишкектин Ала-Тоо аянтында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлери менен митинг өткөрүп, бирок ал үзгүлтүккө учураган. Кагылышуу чыккандан улам Атамбаев аянтты таштап кеткен.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет, Бишкек шаарында массалык башаламандыкты уюштурууга байланыштуу козголгон кылмыш иштин алкагында тергөөнүн тапшырмасы менен  мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын өткөрүп, натыйжада мамлекеттик экс-башчы кайрадан камакка алынган.

 

 

Жаңылыктар