Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев түрк ишкерлерин Кыргызстанга дагы көбүрөөк инвестиция салууга чакырды

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты бекемдөө максатында, түрк ишкерлерин Кыргызстандагы инвестициялык активдүүлүгүн арттырууга чакырды.

22 Aralık 2021 11:04

Бишкек шаарында Кыргыз-Түрк ишкерлери маданият, достук жана колдоо биримдигинин 1 жылдыгына арналган жыйын өттү.  Аталган жыйналышка КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев катышты.

Ошондой эле Инвестиция министри Баясов, Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Ахмет Садык Доган, ТИКАнын Бишкек программасынын координатору Осман Уста, элчиликтин атташелери, министрликтин мүчөлөрү, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин өкүлдөрү, «Маариф» фондунун жетекчилери, Ахыска түрктөр ассоциациясынын өкүлдөрү жана Түркиянын «Эгемендик» бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын өкүлдөрү катышты.

Руслан Казакбаев жыйында сүйлөгөн сөзүндө Кыргызстанда иш алып барган түрк ишкерлеринин саны жетишсиз экенин айтты. Өз кезегинде Түркиялык ишкерлерди Кыргызстанга көбүрөөк инвестиция салууга чакырды.

«Биз жаңы ишкерлерди кабыл алууга жана аларды тосуп алууга ар дайым даярбыз. Албетте Тышкы иштер министрлиги бардык маселелерди чече албайт, бирок, биз ар дайым сиздерди колдоого, сиздер туш болгон көйгөйлөрдү чечүүгө даярбыз. Келгиле, чогуу иштешели»,-деди ал.

Ал эми Инвестиция министри Нурадил Баясов, кыргыз-түрк элдери ортосундагы тарыхый, маданий, бир туугандык байланышка басым жасап,  Түркия Республикасы Кыргызстандын эгемендүүлүгүн биринчилерден болуп тааныганын эске салды.

Анын айтмында учурда Кыргызстанда 300дөн ашык түрк ишкери эмгектенүүдө. Алар бир катар тармактарга олуттуу инвестицияларды салган. Учурда Түркия Кыргызстанга инвестиция салган өлкөлөрдүн катарында, Кытайдан кийинки экинчи орунду ээлейт.

Жыйында Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Ахмет Садык Доган да сөз сүйлөп, Түркия менен Кыргызстан ортосундагы интенсивдүү өз ара жолугушуулардын натыйжасында диалог жана стратегиялык кызматташтык өнүккөнүн баса белгиледи. Өз кезегинде, Кыргыз-Түрк «Манас» университети жана «Маариф» мектебинин Кыргызстандагы билим берүү тармагына олутту салым кошуп жатканын айтты. Эки өлкө ортосундагы стратегиялык кызматташтыктын мындан ары өнүгөөрүнө ишеним билдирүү менен бирге Кыргыз-Түрк ишкерлери маданият, достук жана колдоо биримдигинин бир жылдык юбилейи менен куттуктады.

Жыйын алкагында Кыргызстандын Инвестиция министри Баясов, Кыргыз-Түрк ишкерлери маданият, достук жана колдоо биримдигинин президенти Шевки Сарыларга, Түркиянын «Эгемендик» бүтүрүүчүлөр ассоциациясына жана Евразия бизнес клубуна ыраазычылык сертификатын тапшырды.

 

Anahtar Kelimeler: Кыргызстан, Түркия,

Жаңылыктар