Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ж.К.Фыратты кабыл алды

Жолугушуунун жүрүшүндө, Руслан Казакбаев Женгиз Камил Фыратка Кыргыз Республикасынын ички саясий абалы жөнүндө маалымдап, учурда өлкөдө кырдаал туруктуу экендигин, жүрүп жаткан саясий процесстер укуктук талаага кайтып келгендигин, Кыргыз Республикасынын бардык бийлик бутактары мыйзамдуу жана аткаруу бийлиги туруктуу иш алып баруусун улантып жаткандыгын белгиледи.

17 Ekim 2020 17:00

 Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ж.К.Фыратты кабыл алды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө, Руслан Казакбаев Женгиз Камил Фыратка Кыргыз Республикасынын ички саясий абалы жөнүндө маалымдап, учурда өлкөдө кырдаал туруктуу экендигин, жүрүп жаткан саясий процесстер укуктук талаага кайтып келгендигин, Кыргыз Республикасынын бардык бийлик бутактары мыйзамдуу жана аткаруу бийлиги туруктуу иш алып баруусун улантып жаткандыгын белгиледи. Ошондой эле, саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашышты.

Кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын өркүндөтүүгө, ошондой эле кыргыз-түрк стратегиялык кызматташтыгын чыңдоо жана өнүктүрүү боюнча чараларды көрүүгө өзгөчө басым жасалды.

Руслан Казакбаев буга чейин жетишилген келишимдерди толугу менен ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Белгилей кетсек Руслан Казаков 2005-2009-жылдары Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы консулу болуп иштеген.

Жаңылыктар