Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Түркиянын элчиси Ахмет Садык Доганды кабыл алды

Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы жаңы дайындалган элчиси Ахмет Садык Доган Кыргызстандын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевге ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды.

04 Mayıs 2021 14:23


Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Түркиянын жаңы дайындалган элчиси Ахмет Садык Доганды кабыл алды. Бул туралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы жаңы дайындалган элчиси Ахмет Садык Доган Кыргызстандын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевге ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Казакбаев жана Доган кызматташтыктын ар кыл багыттары боюнча пикир алмашып, артыкчылыктуу багыттарды күчөтүгө, ортодогу стратегиялык мамилелерди бекемдөөгө басым жасашты.

Руслан Казакбаев бир тууган Түркия мамлекети менен Кыргызстан ортосунда түзүлгөн стратегиялык кызматташтыкты ар тараптуу өнүктүрүүгө басым жасады. Өз кезегинде Ахмет Садык Доганды кызмат оорду менен куттуктап,  эки тараптуу мамилени мындан ары өнүктүрүүгө түрткү берээрине ишеним билдирди.

Ошондой эле өткөн жумада кыргыз-тажик чек арасындагы окуялар жана эки өлкө ортосунда жетишилген келишимдер жөнүндө кеңири маалымат берди.

Ал эми Ахмет Садык Доган  кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышууларда каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, жаралуулардын сакайып кетишине тилектештигин билдирди.

Эки өлкө ортосундагы саясий, соода, экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы жигердүү кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө басым жасады.

Ошондой эле Түркия жаңжалдан жапа чеккен аймактын инфраструктурасын калыбына келтирүүгө даяр экендигин айтты.

 

Anahtar Kelimeler: Кыргызстан, Түркия, Руслан Казакбаев, Ахмет Садык Доган,

Жаңылыктар