Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев: Түркиянын ортомчулук аракетин жогору баалайбыз

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Түркиянын орус-украин согушун жөнгө салуудагы аракетин жогору бааларын айтты.

15 Mart 2022 18:55

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Анталия дипломатия форумуна катышты. 

Кыргыз Республикасынын башкы дипломаты орус-украина согушунун саясий жана дипломатиялык сүйлөшүү жолу менен чечилишин жактай турганын айтты.

Ал негизги максат тынчтыкты орнотуу экенин баса белгилеп, «Эгер тынчтыкты камсыз кылуучу механизмдердин айрымдары иштебей жатса, анда, биргелеше натыйжалуу диалог үчүн жаңы форматтарды иштеп чыгуу керек»,-деди. 

Өз кезегинде өткөн жумада, Түркиянын ортомчулугу натыйжасында, Анталия шаарында Орусия менен Украинанын Тышкы иштер министрлеринин жолугушуусу болгонун эскертип, Түркиянын бул жааттагы аракеттерин жогору бааларын баса белгиледи. 

Ал, 5-мартта Орусияга расмий иш-сапары менен барганын эске салып, Кыргызстан сүйлөшүүлөр үчүн тиешелүү аянтчаны түзүп берүүгө даяр экенин белгиледи.

"Дүйнө, глобалдык катастрофанын босогосунда турат. Орусия менен Украина ортосундагы диалог келечектеги тынчтык жараянын баштоодо өзгөчө мааниге ээ",- деди ал. 

Өз кезегинде эки бир тууган өлкө болгон Орусия менен Украинанын согушуп жатышы өкүнүчтүү экенин айтып, Кыргызстан бул согушта калыс позицияны карманарын баса белгиледи. 

Ошондой эле Орусияга киргизилген санкциялар Кыргызстанга да таасирин тийгизерин кошумчалады. 

"Санкциялардын терс кесепеттери биздин өлкөнүн калкынын жашоо сапатын гана начарлатпастан, экономикабызга да терс таасирин тийгизет. Бир канча ай мурда Кыргызстандын чек арасында кайгылуу окуялар болуп, бейкүнөө жарандарыбыздан айрылдык. Мындан улам биз мамлекеттердин аймактык бүтүндүгүн жана БУУнун Уставынын сакталышын жактай турганыбызда шек жок",-деди ал. 

"Түрк мамлекеттеринин уюму"

Белгилей кетсек, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши ага мүчө өлкөлөрдүн чечими менен 12-ноябрь 2021-жылы  Түрк мамлекеттеринин уюму болуп өзгөргөн. Мындай келишимге  Туркиянын Стамбул шаарында, түрк тилдүү мамлекеттер кеңешинин кезектеги 8-жыйынында кол коюлган. Руслан Казакбаев Кыргызстандын Түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтык кеңешинин (Түрк Кеңеши) Түрк мамлекеттеринин уюму деп аталышын өзгөрүшүн толук колдой тургандыгын билдирди.

"Бул чечим, жалпы тарыхка, тилге жана маданиятка негизделген тыгыз жана өз ара пайдалуу кызматташтыктын натыйжасы экендиги талашсыз" ,- деди ал. 

Түрк кеңешинин толук кандуу уюмга айланышы түрк мамлекеттеринин аймактык жана эл аралык аренадагы кызматташтыгын дагы да бекемдерине ишеним билдирди.

Ал ошондой эле "Түрк дүйнөсүнүн келечеги — 2040" деп аталган стратегиялык документти да жактаарын баса белгиледи. 

Түркия-Кыргызстан соода көлөмү

Казакбаев Түркия менен Кыргызстан ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмүн 1 млрд. долларга жеткирүү пландалып жатканын айтты. 

"Түркиянын Улуттук статистикалык мекемесинин маалыматына караганда, Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 2021-жылы 2020-жылга салыштырмалуу 328,1 миллион долларга өсүп, 835,9 миллион АКШ долларын түздү. Алдыда  соода жүгүртүүнү 1 млрд. долларга жеткирүү аракети көрүлүүдө",-деди ал. 

Өз кезегинде Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы  аскердик техникалык кызматташтык өнүгүп келе жатканын кошумчалады.

 

Anahtar Kelimeler: Руслан Казакбаев, орус-украин согушу, Түркия,

Жаңылыктар