Кыргыз-Түрк «Достук» ооруканасы бейтаптарды тейлөөдө

Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлигине караштуу Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) Бишкектеги координаторлугу тарабынан Бишкек шаарында курулган Кыргыз-Түрк «Достук» ооруканасы 4 айда 651 бейтапка медициналык кызмат көрсөттү.

26 Şubat 2022 11:44

Кыргыз-Түрк «Достук» ооруканасынын башкы дарыгери проф.докт. Мете Хыдыроглу 2021-жылдын 15-октябрынан тарта бейтаптарды кабыл ала баштаган оорукананын дарылоо статистикасы менен бөлүштү.

Ага ылайык 2021-жылдын 15-октябрынан 2022-жылдын 24-февралына чейин, оорукананын поликлиника бөлүмүнө 1843 адам кайрылган, 1546 адам текшерилип, 651 бейтапка медициналык кызмат көрсөтүлгөн. Тез жардам кызматына 191 бейтап кайрылган. Ооруканада жалпы 22 операция жасалган.

8-мартта аялдар маммологдун бекер кароосунан өтөт

8-март Аялдардын эл аралык күнүнө карата оорукананын маммография кабинетинде аялдарды адистер бекер текшерип, кеңеш берет. Кампания 7-12-мартта жүргүзүлөт.

Хыдыроглунун айтымында жылына Кыргызстанда көптөгөн аялда эмчек рагынын залалдуу шишиги аныкталып турат.

Маммография аппаратын ТИКАдан алып берген

Оорукананын саламаттыкты сактоо жана тейлөө кызматы боюнча менеджери Мелтем Өздемирдин айтымында заманбап маммография аппаратынын ТИКА алып берген.

Учурда ооруканада Түркиялык 64, Кыргызстандык 50 медицина кызматкери эмгектенүүдө.

«Түркиянын саламаттыкты сактоо тармагындагы жетишкендиктерин Кыргызстан менен бөлүшкүбүз келет»

ТИКАнын Бишкек программасынын координатору Осман Уста менен ооруканага барган Түркиянын Бишкектеги элчиси Ахмет Садык Доган: «Түркиянын саламаттыкты сактоо тармагындагы жетишкендиктерин Кыргызстан менен бөлүшкүбүз келет»,-деди.

Оорукана Кыргызстандын саламаттыкты сактоо реформасына салым кошууну максат кылаарын белгиледи.

Кыргыз-Түрк «Достук» ооруканасы   

Кыргыз-Түрк «Достук» ооруканасы   Түрк кызматташтык жана координация агенттиги тарабынан курулган. Бейтаптарга заманбап жана сапаттуу кызмат көрсөткөн ооруканада 72 орун даярдалган. Бишкек мамлекеттик Кыргыз-Түрк «Достук» ооруканасында Кыргызстандын жарандарына, чет өлкөлүк жана жарандыгы жок бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүлөт.

Белгилей кетсек оорукана 2021-жылы ачылып, өз ишин баштады. Анда Түркия жана Кыргызстандык медицина кызматкерлери эмгектенүүдө. Ооруканада кардиология, кан тамыр жана көкүрөк оорулары бар бейтаптарга жогорку деңгээлдеги ыкмалар, заманбап жабдуулар менен операциялар жасалып, дарылоо жүргүзүлүүдө.

 

Anahtar Kelimeler: Кыргыз-Түрк «Достук» ооруканасы,

Жаңылыктар