Кыргыз-Түрк “Манас” университети дүйнөдөгү эң мыкты университеттердин катарына кирди

Билим берүү тармагындагы жакшы жаңылык: Кыргыз-Түрк “Манас” университети дүйнөдөгү эң мыкты 1422 университеттин катарына кирди

09 Haziran 2022 19:23

Кыргыз-Түрк “Манас” университети QS (Quacquarelli Symonds) версиясы боюнча дүйнөдөгү университеттердин рейтингинде эң мыкты 1422 университеттин ичинде 801-орунга ээ болду. Ошентип, Кыргыз-Түрк “Манас” университети дүйнөдөгү университеттердин дүйнөлүк рейтингине кирген Кыргызстандагы биринчи жана жалгыз университет болуп калды. Буга чейин Кыргыз-Түрк “Манас” университети 2019-жылдан тарта QS регионалдык рейтингинде (Чыгыш Европа жана Борбордук Азиядагы жогорку окуу жайлардын рейтинги) акыркы үч жылда өзүнүн позициясын дайыма жакшыртуу менен орунга ээ болуп келген. 

Үстүбүздөгү жылы QS  рейтингинде 2462 окуу жай каралып, алардын ичинен 1422си дүйнөдөгү эң мыкты деп табылган.

QS жогорку билим берүүнүн глобалдык секторунда тиешелүү кызматтарды, аналитиканы жана прогноздорду камсыз кылган дүйнөдөгү ири мекемелердин бири болуп саналат. 

QS университеттерди төмөндөгүдөй критерийлер боюнча баалайт: жогорку окуу жайдын академиялык кадыр-баркы, окуу жайдын жумуш берүүчүлөр арасында аброю, окутуучулар менен студенттердин санынын катышы, окутуучулардын илимий иштерине шилтемелердин индекси, эл аралык изилдөө тармагы , бүтүрүүчүлөрдү иш менен камсыз кылуунун деңгээли , чет өлкөлүк окутуучулардын үлүшү жана чет өлкөлүк студенттердин үлүшү. 

Kыргыз-Түрк «Манас» университети Кыргыз Республикасы жана Түркия Республикасынын Өкмөттөрү тарабынан 1995-жылы, 30-сентябрда Измир шаарында кол коюлган «Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында Кыргыз-Түрк «Манас» университетин ачуу боюнча эл аралык келишимдин» негизинде ачылып, 1997–1998-окуу жылынан тартып, студенттерге билим бере баштаган. Учурда окуу жайда 6500 студент билим алууда.

Жаңылыктар