Кыргыз-Түрк “Манас” университети түрк дүйнөсүн жакындатуу максатын көздөйт

“Манас” - эң жаңы жана заманбап билим берүү технологиялары, китепканалары, э-китепканасы, интерактивдүү окуу аудиториялары, студенттик клубдары менен үзгүлтүксүз билим берүүгө жана инсандык өнүгүүгө жол ачат.

19 Mayıs 2022 08:48

“Манас” - студенттер орток маданият баалуулуктарына жуурулушуп, бири-бири менен ымалада өзүн көрсөтүү социалдык иш-чараларына катышуу, эң алдыңкы жана заманбап инфраструктуранын негизинде сапаттуу билим алуу мүмкүнчүлүгүн берет.

Окуу жайдын ректору проф.докт. Алпаслан Жейлан баса белгилегендей, Кыргыз-Түрк «Манас» университети түрк дүйнөсүн жыкындатуу максатын көздөйт.

Манас университети Түркиянын чет өлкөлөргө жасаган эң маанилүү инвестицияларынын бири.  Орто Азиянын чок ортосунда түрк дүйнөсүнүн биримдигин даңазалаган университетте 3500 студент билим алууда.

Окуу жайда билим берүү кыргыз жана түрк тилдеринде жүргүзүлөт.

"Биздин максат – жаштарыбыздын билимге болгон аң-сезимин жогорулатуу. Түрк дүйнөсүн танытуу. Аң сезимдүү, аык ой жүгүртө алган, кайсы гана жерде болбосун, идея, тил жана бизнес тармагында кызматташууга умтула турган жаштарды тарбиялоо»,-деп белгиледи Алпаслан Жейлан.

Манаста Медицина факультети  ачылган

Жейлан баса белгилегендей Кыргыз-Түрк «Манас» университети  Богазичи, Стамбул жана Ибн Халдун университеттери менен катар 200гө жакын окуу жай менен өз ар кызматташуу боюнча макулдашууга жетишкен.

Бул жылы Борбор Азяидан гана эмес Япония, Перудан сутденттер кабыл ална башталды.

Окуу жайда билим берүү акысыз жүргүзүлөт.

Окуу жайдагы медицина факультети түрк дүйнөсүнөн студеттерди күтөт.

Алпарслан Жейлан баса белгилегендей Кыргыз-Түрк «Манас» университети (КТМУ) Кыргыз Республикасы жана Түркия Республикасынын Өкмөттөрү тарабынан кол коюлган келишимдин негизинде ачылган «атайын статустагы мамлекеттик университет» болуп саналат. 

25 жыл аралыгында «Манас» университети улам өнүгүп, Кыргызстандагы гана эмес, аймактагы эң престиждүү жогорку окуу жайга айланды.

Университеттин негизги максаттарынын бири түрк дүйнөсүнүн биримдигине жана өнүгүүсүнө салым кошуу. Окуу жайда билим берүү түрк жана кыргыз тилинде жүргүзүлөт. Мындан тышкары англис жана орус тилдерин чет тили катары окутууга да өзгөчө басым жасалат.

Алпарслан Жейлан белгилегендей, КТМУ түрк дүйнөсүнүн биримдигине салым кошо турган маанилүү кадамдарды ишке ашырууда.

КТМУ Борбор Азия чөлкөмүндөгү алдыңкы окуу жай

Окуу жайдын ректорунун маалыматына караганда, университетте 11 факультет, 2 жогорку мектеп, 4 институт жана  7 лабараториялык илимий борбор бар. 

Окуу жай Бишкек шаарында орун алган. КТМУ Борбор Азия чөлкөмүндөгү алдыңкы окуу жай.

Кыргыз-Түрк «Манас» университети Түркиядагы Жогорку билим берүү комитетинин карамагындагы университеттер менен бирдей статустагы университет болуп саналып, билим берүү акысыз жүргүзүлөт. Окууда жогорку жетишкендиктерге ээ болгон студенттерге «артыкчылык» стипендиясы да берилет. Университет студенттерди окуу китептери, арзан баада жатакана жана түшкү, кечки тамак менен камсыз кылат. Университетте билим берүү түрк жана кыргыз тилинде жүргүзүлөт. Мындан тышкары англис жана орус тилдерин чет тили катары окутууга да өзгөчө басым жасалат.

Университеттин миссиясы – түрк тилдүү жана боордош мамлекеттердин жаш муундарынан баштап, үзгүлтүксүз билим алууга умтулган коомдун бардык катмарларына билим берүү жана орток көз-караштарды иштеп чыгуу максатында өз тармагында мыкты, өзүнө болгон ишеними жогору, орток маданий баалуулуктар алкагында адеп-ахлактык принциптерге жана жалпы дүйнөлүк баалуулуктарга ээ болгон, коомдун алдында жооптуу, заманбап, эл аралык деңгээлде иштей алчу адистерди даярдоо жана түрк цивилизациясы менен дүйнөлүк илимге салым кошуу.

Жаңылыктар