107

Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде Чанаккале жеңишинин 107 жылдыгы белгиленди

Кыргыз-Түрк Манас университетинде Чанаккале жеңишинин 107 жылдыгына арналган иш-чара болуп өттү.

18 Mart 2022 14:47

Чанаккале жеңишине арналган иш-чара окуу жайдагы Чыңгыз Айтматов атындагы борбордо өттү. Иш-чара Чанаккале шейиттерин эскерүү жана эки мамлекеттин улуттук гимнинин аткарылышы менен башталды.

Окуу жайдын ректору профессор доктор Алпарслан Жейлан Чанаккале шейиттеринин жаркын элеси эч качан унутулбарын баса белгиледи.

Ал Чанаккале согушу Британиялыктардын романтикалык пикири, Франциялыктардын өзүмчүл көз карашы жана Грециялыктардын мифологиянын таасири астында калышынын натыйжасында келип чыкканын баса белгиледи. 

"Алардын философиясында Анадолу аймагы түрктөргө таандык эмес. Алардын бул көз карашы айрым учурларда куралдуу, саясий жана экономикалык кагылышууларга алып келет. Акыркы жылдары Түркия мамлекети дуушар болгон экономикалык согуш да дал ушул көз караштын туундусу",- деди ал.

Өз кезегинде Чанаккале согушунун курмандыктары унутулбарын баса белгилеп, түрк эли буга окшогон согуштарга кириптер болбошуна тилектештик билдирди.

Ал эми окуу жайдын проректору, профессор доктор Асылбек Кулмырзаев Түркиянын элин Чанаккале жеңишинин 107 жылдыгы менен куттуктап, улуу лидер Мустафа Кемал Ататүрктүн жеңиштеги жана түрк тарыхындагы ролуна өзгөчө басым жасады.

Anahtar Kelimeler: Чанаккале, КТМУ,

Жаңылыктар