Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде эл аралык түрк мамлекеттеринин илим фестивалы өтүүдө

Кыргызстандын борбору Бишкек шаарындагы Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде «Түрк мамлекеттериндеги коомдук кайра түзүүлөр» аталыштагы эл аралык түрк мамлекеттеринин илим фестивалы өтүүдө.

22 Aralık 2021 11:27

Бишкек шаарында Түрк мамлекеттеринин эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына, Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын жана улуттук гимнинин 100 жылдыгына жана КТМУнун 25 жылдыгына арналган «Түрк мамлекеттериндеги коомдук кайра түзүүлөр» аталыштагы эл аралык түрк мамлекеттеринин илим фестивалы өтүүдө. Аталган фестивалга бюрократтар, дипломаттар, окумуштуулар, коомдук уюмдардын өкүлдөрү жана студенттер катышууда.

Түрк мамлекеттеринин илим фестивалын уюштуруу комитетинин төрагасы жана КТМУнун проректору проф. докт. Мустафа Орчандын айтымында, илимий фестивалды 16 уюм биргелеше уюштуруп, ага 7 өлкөдөн 41 академик жана адис катышып, жалпысынан 37 доклад сунушталган.

Анын айтмында Түркиянын улуттук гимни 15 тилге которулуп, китеп болуп чыгат. Бул китеп, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Улуттук гимндин 100 жылдыгынын урматына белеги болмокчу.

Эл аралык түрк мамлекеттеринин илим фестивалынын ачылышына Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов катышып, сөз сүйлөдү. Ал түрктөрдүн тамыры терең тарыхын келечек муунга жеткирүүдө академиктерге чоң милдет жүктөлөөрүн баса белгиледи.

«Тарыхчылардын айтымында, дүйнөдө 300 миллиондон ашык түрк жашайт. Учурда түрктөр Европа, Евразия жана Азия чөлкөмдөрүн байырлайт. Бир кездерде ар бирибиз бири-бирибизди түшүнчүбүз. Кийинчерээк тилибизге жат сөздөр, маданиятыбызга жат элементтер кирип кетти. Ошентсе да бизди бириктирип турган бир нерсе бар. Бул биздин тамырыбыз, тарыхыбыз»,-деди ал.

 

Anahtar Kelimeler: түрк мамлекеттеринин илим фестивалы,

Жаңылыктар