Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде Нооруз майрамы белгиленди

Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде Нооруз майрамына арналган азем өттү. Иш-чара алкагында сүрөт көргөзмөсү, футболдук турнир уюштурулду.

22 Mart 2022 12:03

КТМУда өткөн майрамдык аземге түрк тилдүү мамлекеттердин Кыргызстандагы элчилери, бир катар мекеме жана бейөкмөт уюмдардын жетекчилери, академиктер, искусство ишмерлери, ишкерлер, студенттер жана басма сөз кызматынын өкүлдөрү катышты.

Дыйканчылыктын пири, атасы, пайгамбары болгон баба дыйкан түшүм мол болсун деп тилек кылып, эгин септи.

Умай эне жаңырган жылда эл журттун, мал-жандын аман-эсен, тынч, кырсыктан тышкары жана эгин берекелүү болушун тиледи. 

Кыргызстандык белгилүү ырчы Жийдештин ырлары жаңырып, окуу жайдын студенттери даярдаган майрамдык программа сунушталды. 

Манас тв жана Манас радиосу улустун улуу күнү Ноорузга арналган салтанатты түз эфир аркылуу чагылдырды. 

КТМУнун ректору, профессор доктор Алпаслан Жейлан жалпы түрк дүйнөсүн Нооруз майрамы менен куттуктап, жаштарды талыкпай билим алууга чакырды. 

Ал эми окуу жайдын проректору, профессор доктор Асылбек Калмырзаев 21-март күнү күн менен түн теңелип, жаңы жыл башталаарын белгилеледи. Өз кезегинде түрк дүйнөсүн биримдикке чакырды. 

Программанын жүрүшүндө КТМУда билим алып жаткан чет элдик студенттер өз тилинде элди Нооруз майрамы менен куттукташты.

Иш-чаранын жыйынтыгында келген меймандарга Нооруздун символу сүмөлөк даамы таратылды.

 

Anahtar Kelimeler: КТМУ,

Жаңылыктар