Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде «Нооруз» майрамына карата сүрөт көргөзмөсү ачылды

Кыргызстандын борбору Бишкек шаарындагы Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде «Нооруз» майрамына карата сүрөт көргөзмө ачылды.

24 Mart 2021 17:49

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Көркөм өнөр факультети уюштурган сүрөт көргөзмөнүн ачылышына Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Йекта Камил Ноян, КТМУнун ректору Проф. д-р. Алпаслан Жейлан, окуу жайдын мугалимдери жана ардактуу коноктор катышышты.

Көргөзөмөгө Кыргызстан, Түркмөнстан жана Түркиялык сүрөтчүлөрдүн каламынан жаралган сүрөттөр коюлду.  Сүрөттөрдө жакшы тилектердин жарчысы  болуп, жаңы жашоо улаган Нооруз майрамынын өзгөчөлүктөрү жана жаратылыштын ойгонуусу чагылдырылган.

Сүрөт көргөзмөнүн ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн КТМУнун ректору Проф. д-р. Алпаслан Жейлан жалпы элди Нооруз майрамы менен куттуктады. Каада-салт, үрп-адаттарды унутпай сактоо зарылдыгын баса белгилеп, жалпы журтту маданиятты коргоого чакырды.

Көркөм өнөр факультетинин Сүрөт бөлүмүнүн башчысы Проф. д-р. Чагатай Акенгиндин маалыматына караганда көргөзмөгө Түркия, Кыргызстан жана Түркмөнстандан 61 сүрөтчү катышкан. Көргөзмөгө жалпы 74 эмгек коюлган. Алардын бардыгы Ноорузду даңазалаган сүрөттөр.

Anahtar Kelimeler: Кыргыз-Түрк «Манас» университети, «Нооруз» майрамы, Сүрөт көргөзмө,

Жаңылыктар