Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде тамак-аш жарманкеси өттү

Жарманкеде түрк даамдары сунушталды.

07 Mart 2022 16:50

Бишкек шаарындагы Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде кайрымдуулук тамак-аш жарманкеси уюштурулду. Аны өткөрүүгө Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги жана Түрк Кызматташтык жана Координация агенттиги (ТИКА) колдоо көрсөткөн. 

Иш-чарага Бишкек шаарындагы түрк билим берүү мекемелиринин студенттери жана окуучулары катышып, түрк даамдарын сунушташты.

Жарманке онкологиялык оору менен жабыркаган балдарга  жана студенттерге жардам көрсөтүү максатында уюштурулган. Анда  окутуучулар менен студенттердин колунан жасалган  даамдар менен бирге салаттар жана таттуулар сатыкка коюлду.

 

Anahtar Kelimeler: КТМУ, жарманке,

Жаңылыктар