Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан сыйлыкка татыды

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарды сактоо боюнча тизмекке киришине кошкон салымы үчүн Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейланга сыйлык тапшырды.

21 Aralık 2021 16:55

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде «Түрк мамлекеттеринин эл аралык илим майрамы» аталыштагы иш-чара башталды. Анын ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов катышты.

Азамат Жаманкулов жыйындын ачылышында сүйлөгөн сөзүндө,  Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстандын атынан ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарды сактоо боюнча мыкты тажрыйбалардын тизмесине киргенин эске салды. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ЮНЕСКОнун тизмегине киришине Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан олуттуу салым кошконун баса белгиледи. Ректордун бул аракети жогору бааланып, Алпарслан Жейлан, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин медалы менен сыйланды. Медалды жана сертификатты Алпарслан Жейланга министр Азамат Жаманкулов өз колу менен тапшырды.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары – бул эл аралык денгээлдеги эң ири долбоор. Көчмөн цивилизациясынын маданиятын жандандырып жана сактап калуу максатында 2012-жылы Кыргыз Өкмөтү тарабынан демилгеленген. Ушул эле жылы Түрк Кеңешинин саммитинде Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү чечими кабыл алынган.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын вазыйпасы, этностор жана элдер арасындагы этномаданияттын нускалыгын сактоо менен аны жандандырып, өркөндөтүү. Ошондой эле этностор жана элдер арасында толеранттуу мамилени курууга үндөө

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары буга чейин 3 ирээт, 2014, 2016 жана 2018-жылдары Кыргызстанда өткөн.

Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2020-жылы өтмөк. Бирок пандемиядан улам 2022-жылга жылдырылган.

Anahtar Kelimeler: Кыргыз-Түрк «Манас» университети, Алпарслан Жейлан, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары,

Жаңылыктар