Кыргыз-тажик чек арасындагы абал

Чек арадагы кагылышуудан кыргыз тараптан 165 адам жараат алды, алардын  16сы каза болду.

30 Nisan 2021 21:05

 

28-апрелде Кыргызстандын Тажикстан менен чектеш аймагында, Баткендин Ак-Сай айылындагы Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы суу бөлүштүрүүчү жайдын тилкесинде кагылыш башталып, абал курчуп кетти. Эки мамлекет тең жаңжалды басуу үчүн аскердик укук коргоо органдарын аймакка жөнөттү.

Каза болгондор жана жаракат алгандар

Акыркы маалыматтарга караганда, чек арада чыккан чырдын кесепетинен 16 адам каза болуп, 165 киши жабыркады.

Тажикстандан 31 адам жараат алып, 3ү каза болгону айтылууда.

Өзбек президенти Жапаров жана Рахмон менен чек арадагы абалды талкуулады

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 30-апрелде кыргыз президенти Садыр Жапаров менен кыргыз-тажик чек арасындагы абалды телефондон талкуулады.

Анда абалды жөнгө салуунун жолдору талкууланып, бардык маселелер сүйлөшүү жана кеңешүү аркылуу, достук, ынак коңшулук жана өнөктөштүк маанайда чечилиши керектиги айтылганы белгиледи.

Кыргыз-тажик өкмөт башчылары чек арадагы кырдаалды талкуулады

Кыргызстандын премьер-министри Улукбек Марипов менен Тажикстан премьер-министри Кохир Расулзода 29-апрелде Орусиянын Казан шаарында жолугушуп, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында түзүлгөн кырдаалды талкуулады.

Эки тарап чек арадагы чатакты сүйлөшүү аркылуу тез арада чечүүгө толугу менен даярдыгын билдирди.

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Тажикстан Республикасынын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин жана башка өкүлдөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер ведомстволорунун башчылары кыргыз жана тажик тараптардын курмандыктарына жана жаракат алууларына алып келген чыр-чатактуу кырдаалды саясий жана дипломатиялык сүйлөшүүлөр аркылуу тынчтык жолу менен чечүү зарылдыгын белгилешти.

Кыргызстан менен Тажикстан чек арада ок атышууну токтотууну макулдашты

Кечээ, 29-апрелде Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлеринин ортосундагы бир нече сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча саат 20:00дөн баштап ок атууну толугу менен токтотууга жана аскердик күчтөрдү мурунку турган абалына алып кетүү келишимине жетишилген.

 

Anahtar Kelimeler: Кыргыз-тажик чек арасы,

Жаңылыктар