Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал

Кыргызстан менен Тажикстан чек арада ок атышууну токтотууну макулдашты

30 Nisan 2021 12:16

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынын кыргыз-тажик участогунда 2021-жылдын 28-29-апрелинде болгон чек арадагы окуяга байланыштуу Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Тажикстан Республикасынын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин жана башка өкүлдөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки өлкөнүн ортосундагы чек арадагы кырдаалды жөнгө салууга багытталган тараптардын биргелешкен мындан аркы аракеттери талкууланды.

Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер ведомстволорунун башчылары кыргыз жана тажик тараптардын курмандыктарына жана жаракат алууларына алып келген чыр-чатактуу кырдаалды саясий жана дипломатиялык сүйлөшүүлөр аркылуу тынчтык жолу менен чечүү зарылдыгын белгилешти.

Министр Р.Казакбаев кыргыз тарабы башка аймакка көз артпай тургандыгын жана өзүнүн жерин эч ким менен бөлүшүү ниети жок экендигин белгилеп кетти. Бул жааттан алганда бардык чек ара жана чарба маселелери кыргыз-тажик мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын алкагында жогорку өкүлдөрдүн катышуусу менен сүйлөшүүлөр столунда чечүү зарылдыгын өзгөчө белгилеп кетти.

Эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин ортосундагы бир нече сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча саат 20.00дөн баштап ок атууну толугу менен токтотууга жана аскердик күчтөрдү мурунку турган абалына алып кетүү келишимине жетишилди.

Ошондой эле эң жакынкы сааттарда кырдаалды андан ары жөнгө салуунун деталдарын талкуулоо үчүн тараптардын жергиликтүү башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен укук коргоо жана күч органдарынын жетекчилеринин өзүнчө жолугушуусун өткөрүү келишимине келишти.

Чек арадагы кагылышуу

28-апрелде Кыргызстандын Тажикстан менен чектеш аймагында, Баткендин Ак-Сай айылындагы Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы суу бөлүштүрүүчү жайдын тилкесинде кагылыш башталган. Андан бери бир катар жарандар жараат алып, каза болгондор катталды.

Аймакка аскер жөнөтүлүп, жаңжал чыккан аймактагы адамдар эвакуацияланды.

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров, 29-апрелде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү менен Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаал боюнча ыкчам кеңешме өткөрдү.

Ыкчам кеңешменин жыйынтыгында түзүлгөн кырдаалды иликтөө жана жөнгө салуу боюнча биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков башында турган жумушчу топ түзүү тууралуу чечим кабыл алынды.

Ал арада Кыргыз Республикасынын премьер-министри Улукбек Мариповдун жана Тажикстан Республикасынын пемьер-министри Кохир Расулзоданын мурда пландаштырылбаган эки тараптуу жолугушуусу өттү.

Anahtar Kelimeler: Кыргыз-тажик чек арасы,

Жаңылыктар