Кыргыз улуттук опера жана балет театры

Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театры: кыргыз музыка маданиятынын борбору

12 Haziran 2022 07:31

Кыргыз улуттук опера жана балет театры А. Малдыбаев атындагы — Кыргызстандагы жалгыз опера жана балет театры, Кыргыз музыкалык маданиятынын борбору.

1937-жылы Фрунзе шаарында Кыргыз мамлекеттик театрынын базасында музыкалык драма театры болуп уюшулган.

Алгач опера спектаклдери кыргыз жана орус тилдеринде коюлган. 1942-жылы Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрына айланышы улуттук профессионал музыкалык искусствонун калыптанышында, өнүгүшүндө өзүнчө мектеп болгон.

1958-жылы Кыргыз адабияты менен искусствосунун Москвада өткөн он күндүгүндө чыгармачылык ийгиликтери үчүн театрга академиялык деген наам берилген.

Театрга 1978-жылы А. Малдыбаевдин ысмы, 2000-жылдын 14-сентябрында улуттук статусу ыйгарылган.

Театрда илимий конференция, семинар, кеңешме, түрдүү тарыхый даталарга арналган салтанаттуу жыйындар өткөрүлүп турат.

 

 

 

Жаңылыктар