Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери

Кыргыз Республикасынын президентинин басма сөз катчысы Галина Байтерек: Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча эки тарап тең бул ишти жакынкы үч айдын ичинде бүтүрүү керек деген бүтүмгө келишти.

13 Mart 2021 17:33

Кыргыз Республикасынын президентинин басма сөз катчысы Галина Байтерек Президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон мамлекеттик иш сапарынын жыйынтыгы боюнча комментарий берди.

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча эки тарап тең бул ишти жакынкы үч айдын ичинде бүтүрүү керек деген бүтүмгө келишти. Мамлекеттик чек араны юридикалык жактан каттоону аягына чыгаруу чек ара аймактарындагы туруктуулукту чыңдап, эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө жаңы дем берет.

Жакынкы аралыкта мамлекеттик чек арадагы жети өткөрүү пунктунун иши жанданаары белгилүү болду, өзбек тарап жүк ташуу маселесин чечүүгө, зарылчылыкка жараша документтерди сканерлөөгө ылайыктуу техника менен камсыз кылууга убада берди.

Кыргыз тарап Кыргызстандын аймагында жайгашкан Өзбекстандын Сох анклавына транспорттук жана аба каттамдарын ачууга даяр. Анклавдын жашоочулары мамлекеттик чек арадан эркин өтүшөт.

Өз кезегинде, өзбек тарап Кыргызстанга ушул мезгилге чейин чек ара аймагынын тургундарынын ортосунда талаш жана саясий тирешүү болуп келген Унгар-Тоо аймагын берүүгө даяр.

Мамлекеттик чек араларды делимитациялоого байланыштуу калган талаштуу маселелерди өзбекстандык кесиптештери менен бир нече жолу жолугушууларды өткөргөн атайын комиссия чечет.

Унгар тоо

Унгар тоо-Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек арада Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жайгашкан.

Ал жерде Кыргызстанга тиешелүү РРС-24 «Кербен» радиорелейлик станциясы жайгашкан.

2016-жылы Өзбекстандык тик учак Унгар Тоого күтүүсүз кирип барган. Бул Кыргызстанда нааразылык жараткан.

Anahtar Kelimeler: Кыргызстан, Өзбекстан, мамлекеттик чек ара, делимитациялоо жана демаркациялоо,

Жаңылыктар