Кыргыздын колунан жаралган керемет буюм: Шырдак

Шырдак кыргыздын улуттук кол өнөрчүлүгүнүн бай казынасынын катарын толуктайт.

20 Ağustos 2021 21:35

Шырдак — кийизден жасалып, жерге салынуучу кыргыздын үй буюму. Кыргыз элинин салттуу маданий мурасы. Шырдак кийизден жасалат да түс айкалышына карай ар кыл түскө боелот. Боелгон эки бөлөк түстөгү кийиз өңүнөн биринин үстүнө бири коюлуп, көктөлүп, бетине оюм түшүрүлөт.

Көчмөн кыргыз турмушунда маанилүү орунга ээ.

Шырдак жасоо чоң сабырдуулукту, туруктуулукту жана чеберчиликти талап кылат.

Кыргыз шырдагынын жасалышында жергиликтүү өзгөчөлүктөргө карай анын аты да ар кайсы жерде ар башкача аталат : "шырымал", "төрбөлжүн", "оймо теке", "ободо", "түр кийиз" ж.б. 

Шырдак жасаган уздун чеберчилигине жараша ар кандай оюмдар салынып, бир нече өң ич ара жупташтырылып, керектүү өлчөмдө жасалат.

Шырдак — жерге салса да, бүктөп жыйып койсо да үйдүн көркү.

Эске салсак, шырдак жана ала кийиз ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесинде.

Anahtar Kelimeler: Шырдак, кыргыздын үй буюму,

Жаңылыктар